Түрк басма сөзү-17.01.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

653271
Түрк басма сөзү-17.01.2016

«Хабер түрк» гезити «Түнкү клуб кылмышкери кармалды» аттуу маалыматында жаңы жыл түнү түнкү клуб Реинада 39 кишинин өмүрүн кыйган 1983-жылы Өзбекстанда туулган Абдүлгадир Машариповдун Стамбулда бир маалага жүргүзүлгөн операцияда кармалганын жазган. Операцияда бир ирактык менен 3 чет өлкөлүк аял да кармалды. Машариповдун кармалышы менен кыйратылган террор уюму ДЕАШтын уюугунун, террористтердин соода кылганда жана жер алмаштырганда көңүл бурбаш үчүн бул аялдарды колдонгону белгиленди. Шектүүлөр кармалган адресте көптөн бери жашаганы түшүнүктүү болду. Машариповдун кармалышы үчүн Стамбул коопсуздук директорлугу тарабынан миң кишилик атайын топ түзүлгөн.

«Стар» гезити «Түркияны сүйөбүз» аттуу маалыматында карьерасын Түркияда уланткан чет элдик манекен жана моделдердин террордук кол салуулардан кийин пайда кылууга аракет кылынган көрүнүшкө каршы биригишкенин маалымдаган. Чет элдик моделдер, бөлүшкөн видеосунда англис тилинде, «Түркияны сүйөбүз. Коркпогула, бул жерге келгиле. Бул жер кооз өлкө»,-дешти. Түркияда моделдик кылышкан дүйнөгө таанымал модел жана манекендердин бул үлгүлүү мамилелери бир топ кишинин кубаттоосуна ээ болду.

«Сабах» гезити «ПКК өлүмгө түрткөн балдар» аттуу маалыматында террор уюму ПККнын энесинин койнунан алып тоого алып кеткен жана алдыңкы катарларда өлүмгө түрткөн балдардын фоотосүрөттөрү, ысымдары жана өлгөн күндөрү даярдалган чалгындоо отчетунда орун алганын жазган. Отчетто балдардын ПКК тарабынан жыныстык жана физикалык кыйноого дуушар болгондору белгиленген. ПККнын бала террористтерге доллар бере турганын убада кылганы жазылган отчетто, үңкүрлөргө киргизилген балдардын ок атышуу болбогон убактарда отун чогултуу, окоп жана туалет казуу, идиш аяк жана кир жуудуруу, тамак жасоо жана күзөт кылууга колдонулганы, уюмдун башкаруучулары жактырган кыздарды өздөрүнө күң катары бөлүп алып колдонгондору орун алган. Отчеттун акыркы бөлүмүндө болсо уюмдун Сириядагы уландысы ЙПГнын да жүздөгөн баланы үй-бүлөлөрүнөн мажбурлап алып кетип кагылышууларда колдонгону жана ондогон баланын өмүрү кыйылганына орун берген.

«Ватан» гезити «Түркиянын экономикалык инфраструктурасы бекем» деген маалыматында финансы министри Нажи Агбал, Түркиянын экономикасынын параметрлеринин бекем болгонун айтканын баяндаган. Түркиянын көп сандаган мүмкүнчүлүккө ээ болгонун жана бардык глобалдык тең салмаксыздыктарга карабастан Түркиянын экономикасынын өсүүсүн улантканын баса белгилеген Агбал: «Түркия катары бардык коркунучтарга каршы өсүү катнаштарын жогору тартуу, жумуш менен камсыздоону жогорулатуу, жумушсуздукту төмөндөтүү жана эң маанилүүсү инфляцияны төмөнкү деңгээлге түшүрүү өкмөт катары биздин милдетибиз. Акыркы бир канча айдагы көрсөткүчтөр экономиканын жогору карай баратканын көрсөтүүдө»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Түндүк Кипр Түрк Республикасы ШКУга кирсин» аттуу маалыматында Түркиянын энергетика стратегиялары жана саясаттарын изилдөө борборунун төрагасы Огузхан Акйенер, Кипр маселесинин чечилишине энергетика жагынан каралганын, эгерде бир чечүүчү жол табылбаса Түркия, ШКУдагы позициясын жана Орусия менен жакындыгын колдонуп, ТКТРнын ШКУ өлкөлөрү тарабынан таанылышы темасында демилгелерди көтөрүүсүн баштоосун сунуштаганын баяндаган...



Тектеш кабарлар