Түрк басма сөзү 13.01.2017

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

650620
Түрк басма сөзү 13.01.2017

«Стар» гезити «Колунда курал  - бомба болгон менен доллары болгондун максаты бир» деген маалыматында Президент Р. Т. Эрдогандын базарларда болуп жаткан кыймылдуулуктун Түркияга карата кол салуу экендигин айткандыгын жазган. Р. Т. Эрдоган президенттик комплексинде акимдерди кабыл алуусунда сүйлөгөн сөзүндө : «Колунда курал болгон террористтер менен колунда доллары, евросу, пайызы болгон террористтин максаттарында эч кандай айырмачылык жок. Максат Түркияга тизе бүктүрүү, Түркияны багынтуу, Түркияны максаттарынан алыстатуу. Кагаз бетинде курстардын жогорулатылгандыгы ортодо. Калкыбыз 15 -  июлдун эртеси күнү баштатылган биринчи толкуну кол салуунун алдын тоскон. Мунун улантылышын суранам»,- деди.

«Сабах» гезити «50 миллиард долларлык перилер Стмбулда» деген маалыматында дүйнөдө 50 миллиард долларлык көлөмү менен демилгечилерге фонд түзгөн Дүйнө перилер инвестиция форумунан инвесторлор Стамблда жолугушкандыгын маалымдаган. 13 -  февралда өткөрүлө турган жана 75ке жакын өлкөдөн жүздөгөн пери инвестор катыша турган Пери инвестиция форумунда түрк демилгечилер инвесторлор менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн табышат. Лондон биржасы спонсор болгон бул жылкы форумду демилгечилер жана пери  инвесторолор үчүн дагы да баалуу кылган элемент болсо булуң өлкөлөрүнөн көптөгөн инвестиция делегациясынын катышуусу.

«Хабер түрк» гезити «3 бөлмө 1 жарандык» деген маалыматында

Түркияда кыймылсыз мүлк алган чет элдиктерге жарандыктын берилишине мүмкүнчүлүк түзгөн жобонун жарыялангандыгын жазган. Ушуга караганда 2 миллион доллар инвестиция салган, 1 миллион долларлык үй алган, 100 кишини жумуш менен камсыз кылган, банкта 3 миллион доллары болгон түрк жараны боло алат. Бул шарттарга жооп берген кишинин жубайы, балдары жаран боло алат.  Шайлоодо добуш бере алат.

«Йени шафак» гезити «Орусия менен абада келишүү» деген маалыматында Түркия менен Орусиянын ортосунда учуу коопсуздугунун түзүлүшү жана кааланбаган окуяларды алдына алуу үчүн Москвада макулдашуу келишимине кол койгондугун билдирген. Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта кечээ эки өлкөнүн делегацияларынын ортосунда өткөрүлгөн жыйындын натыйжасында кол коюлган макулдашуунун максатынын : «Террордук буталарга карата чабуулда Орусиянын аэрокосмикалык күчтөрү менен түрк аба күчтөрүнө таандык учактардын учуу коопсуздугу үчүн координация жана кызматташтыкка байланыштуу механизмдерди белгилөө»,- экендиги белгиленди.

«Хүррийет» гезити «Даректүү фильм тартуучулар 9 -  жолу жарышууда» деген маалыматында ТРТ тарабынан тогузунчусу өткөрүлгөн ТРТ даректүү фильм сыйлыктарына кайрылуулардын башталгандыгын жазган. 3 -  февралга чейин улантыла турган кайрылуулардан кийин өткөрүлө турган  алдыңкы сыноонун жыйынтыктары 27 -  февралда билдирилет. Финалга чыга турган кинолордун жеңүүчүлөрүнө 11 – 14 -  май күндөрү элге ачык жана акысыз өткөрүлө турган азем менен сыйлыктар берилет. Конкурска катышууну каалагандар кенен маалыматтыwww.trtbelgesel.com интернет адресинен алса болот.


 

 



Тектеш кабарлар