Түрк басма сөзү-12.01.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

650204
Түрк басма сөзү-12.01.2017

«Йени шафак» гезити «АКШ террор уюмдарын мыйзамдаштырууну ташташы керек» аттуу маалыматында президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын, АКШнын террор уюмдарын мыйзамдаштыруу аракеттерин токтотушу керектигин белгилегенин жазган. Твиттер эсебинен маалымат берген Ибрахим Калын, АКШнын Борбордук күчтөр командирлигинин (CENTCOM) социалдык медиа эсеби твиттерден ПЙД/ЙПГнын мыкаачы террор уюму ПКК менен байланышы болбогонун айткан маалымдоолоруна каршылык көрсөттү. АКШнын Борбордук күчтөр командирлигинин бул бөлүшүүсүнүн террор уюмун токтотуунун ордуна мыйзамдаштырганын баса белгилеген Калын: «Бул бир тамашабы же болбосо CENTCOM акыл-эстен айныдыбы? Чындап эле бирөөлөрдүн буга ишене турганын ойлоодоосузбу? АКШ, террор уюмдарын мыйзамдаштырууга аракет кылуусун ташташы керек»,-деп жазды.

«Хабертүрк» гезити «ФЕТӨ, ПКК жана ДЕАШка чалгындоо колдоосун көрсөтүүдө» аттуу маалыматында элчилер конференциясында сөз сүйлөгөн ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨнүн берки террор уюмдары ПКК жана ДЕАШка чалгындоо жана кыймыл колдоосун камсыздаганын айтканын маалымдаган. 15-июл төңкөрүш аракетинен мурда ФЕТӨ тарабынан ПККга «Төңкөрүшкө даярданып жаткан аскерге каршы кыймыл кылбагыла» деген буйрук берилгенин белгилеген Сойлу, мунун үрөйдү учурган кызматташуунун далили болгонун баса белгиледи. Сойлу, ФЕТӨ, ПКК жана  ДЕАШтын эл аралык байланыштары бар уюмдар экендиктерин айтты. ФЕТӨнүн абдан куу уюм болгонун белгиеген Сойлу, Европанын бул уюмду жетиштүү түрдө тааный электигин белгилей кетти.

«Стар» гезити «Бизди бири-бирибиз менен кагылыштыра алышпайт» деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган, элчилердин жубайлары менен түшкү тамакта жолугушуу өткөргөнүн жазган. Эмине Эрдоган, бул жердеги сөз сүйлөөсүндө террордук кол салуулардын артында коомчулукту бири-бири менен кагылыштыруу жана жикке бөлүү жатканын айтты. Биримдик жана ынтымак билдирүүсүн айткан Эмине Эрдоган: «Түркия эми мурдагы Түркия эмес. Улутубуз, жашоо формалары, этникалык жана ишенич айырмачылыктары сыяктуу себептер менен жикке бөлүнө албайт, бири-бири менен кагылыштырыла албайт. Биз бардык айырмачылыктарыбыз менен бир жана бүтүн экендигибизге ишенебиз. Бул биримдикти күчтөндүрүү үчүн да колубуздан келгенди кылабыз»,-деди. Батыштык өлкөлөрдүн ФЕТӨнүн 15-июладгы төңкөрүш аракетинде түрк улутунун улуу демократия күрөшүн көрмөксөнгө салууну тандаганын баса белгилеген Эмине Эрдоган, «Сөз Түркия жөнүндө болгондо, аскердик төңкөрүш аракети, атайылап бурамаланды, анын үстүнө кылмышкерлери корголду»,-деди.

«Сабах» гезити «ВВСнин кабарчысы: Түркия, Лондондон дагы коопсуз» аттуу маалыматында акыркы убактарда Түркияга каршы жазылган кабарлары менен көп талашка түшкөн Англия тектүү ВВС телеканалынын дасыккан кабарчысы жана алып баруучусу Майкл Буэрк, өзүн Түркияда Лондондо жүргөндөн дагы коопсуз сезгенин айтканын баяндады. Көп жылдар бою ВВСнин чет өлкөдөгү кабарчылыгын кылган журналист, террордук актылардын дүйнөнүн бардык жеринде болуп жаткан нерселер экенин айтты. Түркияга суктанганын айткан Буэрк: «Түркияда парусум бар. 25 жылдан бери Гөжек жана Түркиянын Жер Ортолук деңиз жээктеринде парус тебем. Таанышкан ар кимге Түркияга барышын сунуштаймын»,-деп айтты.

«Ватан» гезити «Түрк аба жолдору 2016-жылы 62,8 миллион жүргүнчү ташыды» аттуу маалыматында Түрк аба жолдорунун жүргүнчү саны 2016-жылы 2,5 пайызга өсүү көрсөткөнүн белгилеген. Өсүү ички каттамдарда 3,8 пайызга, тышкы каттамдарда 1,5 пайызга жогорулаган. Түрк аба жолдорунун учактарындагы толтуралык катнашы да 74,6 пайыз болду. Фирма ушундайча максаты болгон 72-74 пайыздын арасындагы толтуралык катнашынан ашты.  Түрк аба жолдорунун 2015-жылы 284 болгон учулган шаар санынын 2016-жылдын акырында 295ке жогорулады. Фирманын 299 даана болгон учак саны да 334кө жетти.



Тектеш кабарлар