Түрк басма сөзү-10.01.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

648095
Түрк басма сөзү-10.01.2016

«Йени шафак» гезити «Дос деп айтууга тилим барбай турат» аттуу маалыматында батыштык өлкөлөрдүн Фетуллахчы террор уюму ФЕТӨ жана жикчил террор уюму ПККга карай эки анжы мамилесине катуу каршы чыккан президент Режеп Таййип Эрдогандын, «Сириялык карапайым калкты баш калкатпай жерин аяп жатканда, ФЕТӨ жана ПККлыктарга алтын тепсиде булар сунулууда. Дос деп айтууга тилим барбай турат. Бирок эң жок дегенде шериктеш деген өлкөлөргө бул жарашпайт»,-деп айтканын баяндаган. Элчилердин 9-Конференциясынын алкагында Президенттик комплексинде өткөрүлгөн жыйналыштагы сөз сүйлөөсүндө Түркияда кара тизмеде болгон ФЕТӨнүн мүчөсүнүн АКШда бир университетке ректор катары дайындала алуусуна да катуу каршылык көрсөтүп: «Бул кандай нерсе»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Анкарадан АКШга эки билдирүү» деген маалыматында Элчилер конференциясында сөз сүйлөгөн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШда кызматты өткөрүп ала турган жаңы башкаруудан Анкаранын күтүүлөрүн билдиргенин маалымдаган. Министр, «Эки алдыңкы күтүүлөрүбүз бар. Биринчиси ФЕТӨнүн корбашчысынын жана  башкаруучуларынын өлкөбүзгө кайтарылышы. Экинчиси да ЙПГ менен кызматтышуусу соңуна чарылышы керек»,-деди.

«Стар» гезити «ДЕАШтын буталарына дүрмөттөлгөн ок атылууда» атуу макаласында Улуттук коргоо министрлиги, Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сирияда жүргүзүлгөн «Евфрат калканы» кймылында террор уюму ДЕАШка таандык буталардын, жарандар эске алынып акылдуу ок-дары «Сезимтал дүрмөттөлгөн пакет» чапталып жок кылынганын жарыялаганын жазган. Министрлик акылдуу ок-дары «Сезимтал дүрмөттөлгөн пакет» менен ДЕАШ буталарынын жок кылынуу видеолорун социалдык медиа тармагы твиттердеги расмий эсебинен бөлүштү.

«Хабер түрк» гезити «АКШга Түркиянын машыктыруучу учагы» деген маалыматында АКШнын аба күчтөрү үчүн өнүктүрүлө турган жаңы муундагы машыктыруу учагынын долбоору үчүн Түркиянын машыктыруучу учагы да талапкер болгонун маалымдаган. Түркия авиация жана космостук өнөр жай акционердик коому (TUSAŞ) тендерге жергиликтүү жүргүнчү учагы долбоорун милдеттенген Эрен Өзмен-Фатих Өзмен жубуна таандык SNC (Sierra Nevada Corporation) менен бирге барат. TUSAŞ менен SNC өнүктүрө турган учак, Түрк аба күчтөрүнүн машыктыруучу учак долбооруна да багыт берет.

«Сабах» гезити «Ислам шериктештиги армиясына пакистандык командир» аттуу маалыматында Пакситандын мурдагы башкы штаб төрагасы Рахил Шерифтин Сауд Арабия жол башчылык кылган 41 мүчөлүү «Террорго каршы Ислам шериктештиги» командирлигине дайындалганын жазган. Пакситандын коргоо министри Хаважа Асиф, борбордук штабы баш калаа Риядда орун алган биримдиктин командирлигине Шерифтин дайындалганын айтты. Сауд Арабия 2015-жылы 14-декабрда арасында Түркия да орун алган өлкөлөрдүн катышуусунда шериктештик түзүлгөнүн жарыялаган.



Тектеш кабарлар