Түрк басма сөзү 9.01.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

647183
Түрк басма сөзү 9.01.2017

«Стар» гезити «Түркия эмне керек болсо жасайт» деген маалыматында Иракта жолугушууларды өткөргөн премьер-министр Бинали Йылдырымдын «Эсенбога» аэропортундагы билдирүүсүндө, террордук уюмдарга каршы биргелеше күрөшүү темасында макулдашкандарын айтканын жазган. Йылдырым: «Башикадагы аскердик бөлүктөрүбүздүн терроризмге каршы күрөшүүдөн башка максаты жок экенин түшүндүрдүк. Синжар аймагында ПККнын жайгашуусу Түркиянын улуттук коопсуздук маселеси болуп саналат. Муну да кеңири сүйлөштүк. Бул жерден ПККлыктарды Ирак же Пешмерге күчтөрү чыгарат же Түркия эмне керек болсо жасайт»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Стратегиялык уятсыздык» деген макаласында Түркиянын стратегиялык шериктеши АКШнын 2013-жылдын июнь айында НАТОнун документинде ПЙДни ПККнын уландысы катары эсептеп террордук уюм деп кабыл алганы ачыкка чыкканын жазган. АКШ менен НАТОго мүчө берки өлкөлөрдүн катышуусунда Брюсселде НАТОнун Стратегиялык чалгындоо документин изилдөө иши өткөрүлдү. Түркиянын аракеттеринин негизинде террордук уюмдар тизмесине ПКК жана КЖК менен катар ПЙД/ЙРГ да киргизилди. АКШ да НАТОнун расмий документине кол коюп кабыл алды. Вашингтон бул документке карабастан 3,5 жылдан бери ПЙД/ПККга курал-жарак берип жатат. Жооптуу кызматкерлердин айтымына караганда бул колдоо Түрк-Америка карым-катнаштарында ишеним кризисине себепчи болот.

«Хабер түрк» гезити «Кипр үчүн орчундуу Женева жыйын» деген маалыматында Кипр маселесине чечүүчү жол табуу үчүн БУУнун карамагында жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы жана Рум лидер Никос Анастасиадистин катышуусунда Швейцариянын Женева шаарында бүгүн улана турганын билдирген. Сүйлөшүүлөрдө эки тараптын 11-январда өз карталарын жакташы күтүлүп жатат. Сүйлөшүүлөрдөн кийин 12-январда гарантер өлкөлөр Түркия, Греция жана Англия да катыша турган эл аралык конференция өткөрүлмөкчү.

«Хүррийет» гезити «Сарыкамыш-2017» аттуу маалыматында Түркиянын төрт тарабынан келген 25 миң адам Биринчи Дүйнөлүк согуш убагында орустар менен согушуп жатканда көпчүлүгү суукта тоңуп шейит болгон аскерлерди эскерүү үчүн Карс шаарынын Сарыкамыш аймагына чогулгандарын билдирген. -6 градустук абада өткөрүлгөн жөө жүрүшкө, жаштар жана спорт министри Акиф Чагатай Кылыч менен транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арслан да катышты. «Түркия шейиттерин эскерүүдө» деген урааны менен өткөрүлгөн жүрүшкө катышкандар 8 чакырымдык жолду басып өтүштү. Карс менен катар өлкөнүн төрт тарабында да Саркамыш кыймылынын 102-жылын эскерүү иш-чараларынын алкагында жөө жүрүштөр өткөрүлдү.

«Сабах» гезити «Түрк чайына сыйлык» деген маалыматында жыл сайын Японияда өткөрүлгөн Дүйнөлүк чай конкурсунда түрк чайына сыйлык берилгенин билдирген. Кытай, Корея жана Япониядан фирмалар катышкан конкурста Түркия эки башка товар менен алтын медалга ээ болду.



Тектеш кабарлар