Түрк басма сөзү 19.12.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

633354
Түрк басма сөзү 19.12.2016

«Хүррүйет» гезити «Президент Эрдоган: «Улутум биримдүүлүккө чуркайт»,-деди» аттуу макаласында президент Режеп Тайип Эрдогандын Трабзондо «Шенол Гүнеш» спорттук комплекстин ачылышында сөз сүйлөгөнүн жазган. Эрдоган: «Кайсериде канкорчо жасалган жан кечтилик кол салуу бүгүнкү кубанычыбызга көлөкө түшүрдү. 1,5 жылдан бери уланып келе жаткан тыгыз террордук кол салуулардын себебинен кубанычыбызды тең бөлүшө албай жатабыз. Канчалык күч колдонсоңор да бул улутту эч качан бөлө албайсыңар. Алар террорго чуркаса менин улутум биримдүүлүккө чуркайт, мен дагы да күчтүү болоорубузга ишенемин»,-деп айтты.

«Хабер түрк» гезити «Террорго каршы ынтымактык билдирүүсү» деген маалыматында Кайсериде мурдагы күнү террордук кол салууда шейит болгон 14 аскердин кечээ акыркы сапарларына узатылганын билдирген. Кыршехирден Денизлиге, Зонгулдактан Афионкарахисарга чейин өлкөнүн төрт тарабы жаш аскерлери менен коштошту. Шейит аскер Юнус Эмре Дурандын Анкарада Аксеки мечитиндеги жаназа зыйнатына премьер-министр Бинали Йылдырым, оппозициячыл партиялардын жетекчилери Кемал Кылычдароглу менен Девлет Бахчели да катышты. Жаназа зыйнатында шейит аскердин атасы, Түркия учурда муктаж болуп турган билдирүүнү айтты. Террордук кол салууда шейит болгон аскердин атасы Махмут Дуран баласынын сөөгү алынып кетип баратканда Йылдырым менен Кылычдароглунун колун кармап «Эми биримдиктүү болуунун убагы» деди.

«Сабах» гезити «Түштүк-чыгыш эли ПККга каршы жөө жүрүш өткөрдү» деген маалыматында Түркия канкор террордук уюм ПККга каршы желегин желбиреткенин жазган. Кечээ Антальядан Яловага, Сакариядан Карабүккө чейин көптөгөн областтагы митингдерде жикчил террордук уюм ПКК айыпталып, биримдүүлүк чакырыгы айтылды. Хаккаринин Йүксекова районундагы жөө жүрүшкө кечээ суук абага карабастан 3 миң киши катышты. Колдорунда түрк желектери менен баскан эл «Шейиттер өлбөйт, мекен бөлүнбөйт. ПКК жок болсун» деген ураандарды айтышты. ПККга күртчө наалат айтылды. Диярбакырда бейөкмөт уюмдарынын жетекчилигинде «Шейиттерге таазим, террорго наалат» жүрүшүндө 100 метрдик түрк желеги көтөрүлдү. Митингге катышкан миңдеген адам мыкаачы ПККны жана террорду айыпташты.

«Йени шафак» гезити «Карызы улуттук кирешесинен көп» деген маалыматында АКШнын жылдык 18,5 триллион доллардык улуттук кирешесине карабастан менчик сектордон сырткары 19,9 триллион доллардык карызы болгонун билдирген. Япониянын колунда 1 триллон 132 миллиард доллардык, Кытайдын болсо 1 триллион 116 миллиард доллардык АКШ вексель жана облигациясы бар. Ал эми Түркиянын резервдеринде 58,3 миллиард доллардык АКШ вексель жана облигациясы бар. Өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу 3,6 миллиард доллардык төмөндөө болгонуна карабастан карызы бар өлкөлөрдүн тизмесинде Түркия 23-орунда турат.



Тектеш кабарлар