Түрк басма сөзү 16.12.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

631879
Түрк басма сөзү 16.12.2016

«Сабах» гезити «Түркиядан адамзаттык операциясы» деген маалыматында дүйнө Халепте болуп жаткан адамзаттык трагедияны көрбөстүккө салса, Түркиянын дагы бир жолу эзилгендерге жардам бергендигин жазган. Президент Эрдогандын жол башчылыгында Анкаранын жүргүзгөн дипломатиясы менен  оболу ок атууларды токтотуу түзүлүп, кечээ да конвойлор менен Чыгыш Халепти бошотуу башталды. Түркия Халептен чыга турган 80 миң сириялыктын коопсуз түрдө жашоосу максатында бардык даярдыктарды көрдү. Түрк Кызылайы менен Апаат жана чукул абалдарды башкаруу төрагалыгы АФАД биринчи баскычта келе турган 10 миң киши үчүн Идлибге чатыр шаар курууда. Оор жаларуулар да Түркияда дарыланат.

«Йени шафак» гезити «Чечүүчү жол үчүн оболу Халеп» деген макаласында президент Р. Т. Эрдоган Халепте иштелип жаткан кыргындардын адамзаттык үчүн уялтуучу абал экендигин белгилеп : «Сирияда чечүүчү жоолду каалай турган болсок оболу Халептеги абалды колго алуу шарт»,- деди. Түркиянын Халепти бошотуу үчүн аракет кылып жаткандыгын айткан Эрдоган Орусиянын президенти Путин, Германиянын канцлери Меркель жана АКШнын президенти Обама менен сүйлөшкөндүгүн айтты. Эрдоган : «Бошотуу процессин жакындан иликтөөнү улантабыз».- деди.

«Хүррийет» гезити «Европа Биримдиги алып келген эч нерсе жок» деген маалыматында президент Р. Т. Эрдоган виза эркиндиги тууралуу Европа Биримдиги керек болгон кадамдарды таштабаса Түркиянын жогото турган эч нерсесинин болбой тургандыгын айтканын жазган. Словениянын президенти Борут Пахор менен сүйлөшкөндөн кийинки  орток пресс – жыйында сөз сүйлөгөн Эрдоган буларды айтты : «Биз виза тууралуу күтүлгөн жыйынтыкта ала албасак жана Кызылайга төлөнүшү керек болгон сан төлөнбөй турган болсо бардык берилген убадалар орундатылбаса Түркиянын да бир Б, Ж планы болот. Биз тууралуу чыгарылган ар бир чечимге макул болууга мажбур эмеспиз. Себеби Европа Биримдигинин ушул кезге чейин бизге алып келген эч нерсеси жок».

«Хабер түрк» гезити  «АКШдан Түркияга кош мактоо» деген маалыматында ДЕАШка каршы коалициянын АКШлык командир генерал Стефен Тоунсенд Түркиянын Ел Бабдагы операциялары менен Башикадагы базасын мактагандыгын жазган. Ел Бабдын ДЕАШтын колунан куткарылышынын маанисин белгилеп жана Түркиянын бул тууралуу аракеттерин колдогон Тоунсенд Түркиянын операцияларынын коалициянын ДЕАШ менен күрөшүнө тескери таасир бербегендигин баса белгиледи. Тоунсенд Башикада түрк аскерлери машыктырган мусулдук жергиликтүү элементтер үчүн да : «Ирак өкмөтүнүн текшерүүсү астында операция жүргүзүшүүдө жана абдан жакшы аткарышууда»,- деди.

«Стар» гезити «Евразия туннели унаа менен өткөнгө даяр» деген маалыматында Стамбул босфорунан жер астынан Азия жана Европа менен байланыштырган 14,6 километрдик Евразия туннели 20 – декабрда президент Р. Т. Эрдогандын катышуусу менен ачыларын билдирген. Казлычешме – Гөзтепе ортосунда эки кабаттуу Евразия туннелин колдоно турган 130 миң унаа башта 15 -  июль шейиттер көпүрөсү болуу менен шаардын авто жол жүгүн чоң өлчөмдө азайтат. 100 минутага созулган жүргүнчүлүк 15 минутага түшөт, ушундайча жылда жүз миллион лиралык күйүүчү май үнөмдөлөт.



Тектеш кабарлар