Түрк басма сөзү-06.12.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

624724
Түрк басма сөзү-06.12.2016

«Хүррийет» гезити «Коргоо өнөр жайында жеригиликтүү өндүрүш шарт» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган коргоо өнөр жайынын жогорку технологияны талап кылган бардык муктаждыктары сыяктуу спутниктери да эми жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен өнүктүрүлүшүнүн шарт болгонун айтканын жазган. КӨКТҮРК-1 спутнигинин учурулушу менен чоң кубанычта болгонун баса белгилеген Эрдоган: «Айрым батыш өлкөлөрүнүн, өткөндө болгону сыяктуу бүгүнкү күндө да белгилүү бир аскердик куралдарды сатпоо чечимин чыгарганына күбө болуудабыз. Кудайга шүгүр учурда Түркия 14 жыл мурдагыга салыштырмалуу коргоо өнөр жайы чыгарылыштарында тышка көз карандылыгын жарым жартылай азайтты. 80 пайыздан 40 пайызга түшүргөн бул тармактагы тышка көз карандысыздыгыбызды буюрса 2023-жылга чейин чоң өлчөмдө жойгон болобуз»,-деди.

«Стар» гезити «Түркияга каршы чыгуу Европа Биримдигине зыян тийгизет» аттуу маалыматында Европа Биримдиги боюнча министр Өмер Челик батыштын борбор шаарларына чакырык таштап, «Түркиянын ЕБне мүчөлүгү үчүн главаларды ачкыла, мындан кийинки процесс абдан маанилүү»,дегенин баяндаган. Европада жикчилдикке каршы чогуу күрөшүү керектигин айткан Челик, Европа өлкөлөрүндө исламофобия жана чет өлкөлүккө душмандык барган сайын күчөгөнү эскертүүсүн кылганын маалымдаган. Түркиянын Жакынкы Чыгыштагы операцияларынын Европа жана НАТОнун коопсуздугу үчүн да чоң мааниге ээ экендигин белгилеген Челик: «Түркия менен ЕБнин ортосунда күчтүү көпүрөлөр курулушу керектигин айтты.

«Хабер түрк» гезити «Долларга каршы түрк лирасы кампаниясы өсүп баратат» аттуу макаласында «Валютаңды алмаштыр, түрк лирасына өт» аттуу кампаниясынын бүтүндөй өлкөдөн колдоо көргөнүн баяндаган. Валютасын түрк лирасына айландыргысы келген эл валюта офистерине чубагап жатат. Биржа Стамбул болсо бүгүндөн баштап бардык накталай баалуулуктарынын түрк лирасына айландырылышына жана түрк лирасынан эсептелишине чечим чыгарды. Сактык кассасы камсыздоо фонду да аласалардын төлөнүшүндө жана мындан кийинки сатууларында чет элдик акча бирдигин колдонбой турганын, процедуралар түрк лирасы менен жүргүзүлө турганын жарыялады.

«Йени шафак» гезити «Түркияда шаарларды өсүмдүктөр жарыктандырат» деген маалыматында Гебзе техникалык университетинин лабораторияларында аткарыла турган «Органикалык нур чачкан өсүмдүктөр» долбоору менен көчөлөр, проспекттер жана үйлөрдөгү жарыктандыруу системаларынын ордун өсүмдүктөрдүн ээлеши максатталганын жазган. Көчөлөрдөгү жарыктандыруу системаларынын ордун эми органикалык нур чачкан өсүмдүктөр алат. Нур чачкан курттар сыяктуу жандуулардан алынган гендер өсүмдүк үрөндөрүнө жайгаштырылат. Өсүмдүк болсо аны денесине жая баштоосу менен молекулалык курамында пайда болгон нурду айланага чача баштайт.

«Сабах» гезити «Голливуддан Осмон аңгемеси» аттуу маалыматында Түркия жана АКШ биргелеше тарткан «The Ottoman Lieutenant» аттуу кино тасма 2017-жылдын биринчи чейрегинде көрсөтүлө баштайт. 1-Дүйнөлүк согушту америкалык бир мээрбан айымдын көзүнөн түшүндүргөн кинодон алгачкы үзүндөлөр жарыяланды. Режиссерлугун Жосеф Рубен кылган кинонун башкы ролдорунда оскар сыйлыктуу Бен Кингси менен Жош Хартнетт жана Мишел Хёйсман бар. Жеф Стокуэлл сценарийин жазган кинодо Халук Билгинер «Халил Бей» ролун ойносо, Селчук Йөнтем да «Мелих Паша» ролу менен алгач ирет бир Голливуд кино тасмасында орун алат.



Тектеш кабарлар