Түрк басма сөзү 5.12.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

623774
Түрк басма сөзү 5.12.2016

«Стар» гезити «Өз оюнубузду ойнойбуз» деген макаласында Кайсериде жалпы инвестиция наркы 587 миллион лирага жеткен 30 долбоордун ачылышын жасаган президент Режеп Тайип Эрдогандын Орусия, Кытай жана Иран менен соода жүргүртүүдө жергиликтүү акчанын колдонулушу үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөрүн белгилеп: «Оюндарга каршы өз оюнубузду ойнойбуз»,-дегинин жазган. Премьер-министр Бинали Йылдырымдын Орусияга барып ал аймакта сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганын билдирген Эрдоган: «Ал жерлерде соода-сатыкты жергиликтүү акча менен жүгүртүүнүн кадамдарын таштайбыз. Б.а алардан бир нерсе алып жатканда алардын акчасы менен, алар бизден алып жатканда биздин акчабыз менен соода кылышат. Борбордук банкка буйрук бердик. Ошондуктан бул оюндар ишке ашпайт»,-деп айтты. Элге жаздык астындагы валюталарын түрк лирасына айландыргыла деген чакырыгын дагы бир жолу кайталаган президент Эрдоган: «Биздин түрк лирабыз берекелүү. Ошондуктан менин улутум катып койгон валютасын түрк лирасына айландыра баштады»,-деди.

«Ватан» гезити «Тышкы саясатта альтернативабыз көп болушу керек» деген маалыматында тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглунун Ливанга сапарына байкоо салган журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Шанхай Кызматташтык Уюму тууралуу: «Максатыбыз көп багыттуу тышкы саясат. Альтернативабыз ар дайым көп болушу керек»,- деп атканын жазган. Бир тараптан муктаждык болбошу керектигин баса белгилеген Чавушоглу Европа Биримдигин мисал катары көрсөттү. Чавушоглу Биримдиктин көптөгөн жылдардан бери ишке ашырып келе жаткан алагды кылуу ыкмасынын кабыл алынгыс экенин айтты. Түркиянын Азия жана Жакынкы Чыгыш менен алакалары канчалык күчтүү болсо, Европа Биримдиги багытында да күчүн дагы да арттыраарын баса белгилеген Чавушоглу: «Европада биз канчалык күчтүү болсок, Жакынкы Чыгышта да күчтүү болобуз. Ушул себептен көп багыттуу тышкы саясат»,- деди.

«Сабах» гезити «Орус учагынын атып түшүрүлүшүнө ФЕТӨчү полковник буйрук берген» деген маалыматында Орусиянын Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу институтунун изилдөө кызматкери Руслан Курбанов: «24-ноябрда орус учагын ким атып түшүрдү? Ким буйрук берди? Бул буйрукту президент да, премьер-министр да берген жок. Бул буйрукту Инжирлик базасында күзөттө турган полковник берди. Ал полковник болсо Фетуллах Гүлендин адамы эле. ФЕТӨ иш жүзүндө CIAдин тыңчы түйүнү болуп саналат. Ондогон жылдардан бери мамлекетке чейин жайылышты. Фетуллах Гүлендин АКШда жашашына CIAдин тыңчылары жардамчы болду. Төңкөрүш убагында да Инжирлик базасы, Троя атынын кызматын кылды. Алар Орусия менен Түркиянын ортосундагы мамилени бузууга аракет кылшты»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Түркияда өндүрүлгөн гибрид унаага чоң кызыгуу» деген маалыматында Түркияда иштелип чыккан алгачкы гибрид унаа болгон Toyota C-HRге чоң кызыгуу болуп жатканын билдирген. 15-ноябрдан бери эки жуманын ичинде 1 миң 16 даана Toyota C-HR сатылды.

«Хабер түрк» гезити «Эң мыктылар түрк жана нигериялык моделдер» деген маалыматында 29-Best Model of the World сынагынын финалы мурдагы күнү кечинде Стамбулда өткөрүлгөнүн билдирген. Эже Гүлселдин алып баруучулугундагы иш-чарада калыстар тобунда болсо белгилүү ысымдар отурду. 20 айым жана 20 эркек модель жарышкан 29-Best Model of the World сынагында эркектерде Түркияны өкүлдүк кылган Онур Сейит Яран, айымдарда болсо нигериялык Жой Акпокиново биринчиликти алды.



Тектеш кабарлар