Түрк басма сөзү-24.11.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

617158
Түрк басма сөзү-24.11.2016

«Сабах» гезити «Эрдоган валютанын ордуна алтын колдонуу чакырыгын салды» аттуу маалыматында 2015-жылы глобалдык исламий финансынын көлөмүнүн 2,1 триллион долларга жеткенин белгилеген президент Режеп Таййип Эрдоган, эл аралык валюта базарынын кысымынан кутулуш үчүн акча бирдиктеринин алтынга индекстелишин сунуштады. Ислам Кызматтыштык Уюмунун экономикалык жана соода кызматташтыгынын туруктуу комитети «ИСЕДАК) 32-жыйналышынын ачылыш отурумунда сөз сүйлөгөн Эрдоган, Ислам өлкөлөрүнүн өздөрүн глобалдык кризистерге каршы дагы чыдамдуу абалга келтирүүгө мажбур болгонун айтканын баяндаган. Эрдоган эл аралык валюта кысыманын кутулуш үчүн финансы секторунда, катышуучу финансы түшүнүгүнүн, акча бирдигинде да алтынга индекстелиши кадамынын ташталышынын абдан туура болооорун белгилеп кетти.

«Ватан» гезити «Ислам өлкөлөрү Батышта күчөгөн исламофобияга каршы эми каршылык көрсөтүшү керек» деген макаласында президент Эрдогандын İSEDAKтын жыйынында батыш дүйнөсүндө барган сайын күчөп бараткан исламофобия жана разисмге да көңүлдөрдү бурганын жазган. Ислам дүйнөсүнө карай тынымсыз оюндар ойнолуп жатканын баса белгилеген Эрдоган, АКШ жана Европа менен катар бардык батыш дүйнөсүндө мусулмандарга карай кол салуулардын көбөйгөнүн айтты. Эрдоган: «Мечиттерибизди өрттөп жатышат. Булардын бардыгы батышта болууда. Эми үнүбүздү бийик чыгарып жана каршылык көрсөтүшүбүз керек»,-деп айтып Ислам өлкөлөрүн каршылык көрсөтүүсүн ортого коюуга чакырды.

«Стар» гезити «Өкмөт бир канча күндүн ичинде экономика боюнча жакшы маалыматтарды берет» деген макаласында премьер-министр Бинали Йылдырым, доллардагы жогорулоо жана банктардын да насыя берүү темасында жашыруун мамиле кылып базар экономикасында терс жагдай жаратууга аракет кылышы, террордук уюм ФЕТӨ жана анын артындагылардын Түркияга карай жаңы интригалары экенине көңүл бурганын жазган. Оюнду билип тургандарын жана жаңы чараларды көрүүнү улантып жаткандарын баса белгилеген Йылдырым: «Бир канча күндүн ичинде экономикада жакшы нерселерди билдиребиз»,- деди.

«Йени шафак» гезити «Эл Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнө каршы» деген маалыматында Түркия Европа Биримдигине кыр көрсөтүп Шанхай Кызматташтык Уюмун альтернатива катары жарыялаганын билдирген. Билдирүүдөн кийин Европа Парламентинде баш аламандык болду. Түркияда болсо эл, террорго колдоо көрсөткөн Европа Биримдигине каршылык көрсөтүүдө. 16 миң кишиде жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда, алардын 88 пайызы Түркиянын сүйлөшүүлөрдөн баш тартышын каалады. Сүйлөшүүнүн уланышын каалагандардын көрсөткүчү болсо 9 пайыз гана болду.



Тектеш кабарлар