Түрк басма сөзү-22.11.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

615377
Түрк басма сөзү-22.11.2016

«Сабах» гезити «Террордук уюмдар менен дүйнө жүзүнүн ортосунда тосмо милдетин аткаруудабыз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Стамбулда НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын күзгү сессиясынын жыйынында сөз сүйлөп, коркунучтар глобалдашкан жана күч тең салмактуулугу өзгөргөн ушундай бир мезгилде коркунучтардын жоюлушу жана мүмкүнчүлүктөр ийгиликке айланышы үчүн маселенин дагы камтуучу платформада каралышы керектигин айтканын жазган. Түркиянын террор уюмдары менен Европа баш болгон дүйнөнүн калган бөлүгүнүн ортосунда кудум эле тосмо милдетин аткарганын белгилеген президент Эрдоган: «Эгерде биз бул күрөштө ийгиликсиз болсок б.а. бул тосмо куласа, террористтер кадимки сел сыяктуу бүткүл дүйнөнү өрттөп жана кан көлдөтүшөт. Биз мындай деп жатабыз; «Келгиле бул тосмону начарлатуунун ордуна күчтөнтөлү. Терроризм менен күрөшүүдө Түркияга көрсөтүлгөн колдоо ал өлкөнүн өз келечегин коопсуздук астына алышына салым кошот»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Орусия менен Кытайдан алгачкы билдирүү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын 17-ноябрда Өзбекстанга жасаган сапарынын артынан учакта басма сөз кызматкерлерине берген Шанхай Кызматташтык Уюмуна катышуу маалыматын бергени боюнча Орусия жана Кытайдан алгачкы жооп келгенин баяндаган. Шанхай Кызматташтык Уюмунун дөө-шаалары Түркиянын мүчөлүгү үчүн «Пайдалуу болот» деп жарыялашты. Орусияда парламенттин үстүңкү баскычы Федерациялык Кеңештин коргоо комитетинин мүчөсү Алексей Пушков, твиттер адресинен жазган маалыматында «Түркиянын ШКУга мүчөлүгү Эрдоган үчүн туура кадам болот. ШКУ, ЕБнен башкача, анын ордун ээлебейт. Бирок Европа Биримдигинен айырмаланып ШКУнун мүчөлөрү толугу менен эгемендүү» деп айтты. Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Гинг Шуанг да: «Түркия ансыз деле диалог өнөктөшүбүз, кызматташууну өнүктүргүбүз келет»,-деди.

 

«Ватан» гезити «Файненшл таймс: ТүркExit  болобу?» деген маалыматында Англиянын «Файненшл таймс» гезитинин редакторлук көз караштары берилген баракта Түркия-Европа Биримдиги мамилелерин карап чыкканын маалымдаган. «Файненшл таймс» гезитине караганда ЕБнин Анкаранын террор менен күрөшүү мыйзамдарында өзгөртүү кылбоосунун себебинен, түрк жарандарына визасыз режимди бекитпей коюусу бурулуш жер болушу мүмкүн. «Президент Эрдогандын алдыбыздагы жылда эки элдик добуш өткөрүү чакырыгын салуу коркунучу бар. Экинчиси ЕБне мүчөлүк талапкерлигинен чыгууга карай ТүркExit чакыры болот», деген «Файненшл таймс» гезити, «муну менен бирге Түркиянын сезимтал экономикасынын ЕБне байланыштуу жана аны менен интеграциялуу болгонун, бул болсо Бажы биримдиги шарттарын жаңылоо жана кеңейтүүнү улантууга себеп болушу мүмкүн экенин» белгилеген.

«Хүррийет» гезити «Израилдин президенти, Индиядан кайрылып: «Урматтуу досум Эрдоганга салам» аттуу маалыматында Индиядагы Агротех жарманкесинин ачылышына катышкан Израилдин президенти Реувен Ривлин, «Түркия менен достугубуздун жана карым-катнаштарыбыздын өнүгө турганын үмүт кылуудамын, досум президент Режеп Таййип Эрдоган жана түрк калкына салам жолдоймун»,-дегенин баяндаган. Андан соң Израиль менен Индия медиасына Түркия туурасында иврит тилинде жакшы сөздөрдү айтып, «Түркия менен достугубуздун жана карым-катнаштарыбыздын өнүгө турганын үмүт кылуудамын, досум президент Режеп Таййип Эрдоган жана түрк калкына салам жолдоймун»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Хүркуш куралданууда» аттуу маалыматында жергиликтүү билим берүүчү учак Хүркуштун версиялары жасалып жатканын маалымдаган. Түрк авиация жана космостук өнөр жай акционердик коому (ТУСАШ) тарабынан Коргоо өнөр жайы кеңешчилигинин жол башчылыгында 10 жыл бою уланган эмгектенүүдөн кийин сериалуу жасап чыгарууга өтө турган Хүркуштун куралчан модели үчүн даярдыктар башталды. Жаңы жасалып чыга турган учак Аба жана кургактык күчтөрүнүн абадан колдоо милдеттерин аткарат. Алгачкы учак Аба күчтөрү командирлигинин инвентарына 2018-жылдын ичинде кошулат.



Тектеш кабарлар