Түрк басма сөзү 21.11.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

614778
Түрк басма сөзү 21.11.2016

«Сабах» гезити «Түркиядан Европа Биримдигине ПКК-ФЕТӨ ачуулануусу» деген макаласында Европанын Түркияга карай адилетсиз сындоо жана мажбурлоолоруна бул өлкөлөрдө жашаган түрктөр катуу каршылык көрсөтүп жаткандарын жазган. Германия менен Бельгияда мурдагы күнү он миңдеген түрктүн катышуусунда өткөрүлгөн «Террорго каршыбыз, демократияны колдойбуз» аттуу митингдер кечээ да Нидерландия менен Францияда өткөрүлдү. «ПКК=ПЙД=ЙПГ=ДЕАШ= ФЕТӨ» жана «Европада террорго колдоо көрсөтүүнү токтоткула» деген жазуулар көтөрүлүп чыккан митингдерге он миңдеген бейөкмөт уюмдары да катышышты. Франциянын борбору Париждин "Republique" аянтында чогулган миңдеген түрк террордук уюмдарды айыпташты. Нидерландияда болсо "Afrikaanderple" аянтында өткөрүлгөн митингге жамгыр жана шамалга карабастан колдорунда түрк желектери менен катышкан калың топ террорго колдоо көрсөткөн Европа өлкөлөрүнө каршылык көрсөтүштү. Бельгиянын борбору Брюсселде мурдагы күнү чогулган түрктөр, Европа Биримдигинин имаратына жакын жердеги «Шуман» аянтындагы «Террорго каршыбыз, демократияны колдойбуз» атуу митингде Европа Биримдигине «Террорго колдоо көрсөтпө» деген билдирүүлөр айтылды. Түрктөр Германиянын борбор шаары Берлинде да террорду жана ага колдоо көрсөткөн уюмдарды айыпташты. Бранденбург каалгасынын алдындагы митингге көп сандаган түрк коому катышты.

«Хүррийет» гезити «Кипрге кепилдик» деген маалыматында бүгүн аяктаары билдирилген Швейцариядагы жыйында жума күнү кечинде президент Режеп Тайип Эрдоган менен Грециянын премьер-министри Алексис Ципрастын телефон сүйлөшүүсүнө басым жасалганын маалымдаган. Эки лидер сүйлөшүүлөрдүн акыркы кадамы гарантер өлкөлөр Түркия, Греция жана Англия да орун ала турган жыйындын декабрь айында өткөрүлүшүн карашты. Кипрге байланыштуу жагдайлар тараптарлардын Швейцариядагы жыйындан дагы  көп кепилдик темасына багытталышына себепчи болду.  

«Хабер түрк» гезити «Аба транспортуна чоң команда» деген маалыматында  Стамбулдун жаңы аэропортунун көптөгөн тармакта дүйнөлүк масштабдагы "эң чоң болуу" өзгөчөлүгүнө ээ болоорун билдирген. Булардын бири да 6 тилке ишке ашканда аба транспортунун 800 кишилик чоң командасын башкарат. 4 этапта салына турган аэропорттун 90 миллион кишилик биринчи этабынын 2018-жылдын 26-февралында бүтүрүлүшү үчүн иш-чаралар ылдам жүрүп жатат. 250 башка авиакомпания уча турган аэропорттун биринчи этабындагы эки тилкеде 2 миң учакка кызмат көрсөтүлөт.

«Ватан» гезити «Миллиондогон Toyota түрк кол тамгасын алып жүрөт» деген маалыматында 350 миллион евролук инвестиция менен Сакария заводунда өндүрө баштаган түрк инженерлеринин кол тамгасын алып жүргөн Toyotaнын C-HR үлгүсүнүн Японияга трансфер болоорун билдирген. Түрк инженер Мехмет Фатих Кале жетектеген топ тарабынан долбоорлонгон C-HRдин ички жабдыгы, алдыбыздагы мезгилде өндүрүлө турган миллиондогон жаңы Toyotaда колдонулат.

«Йени шафак» гезити «Түркия палаталар жана биржалар биримдигинен 22 өлкө менен түрк-араб палатасы» деген маалыматында Түркия палаталар жана биржалар биримдиги Араб палаталар биримдиги менен 24-ноябрда Стамбулда кол кое турган келишим аркылуу түрк-араб палаталарын түзө турганын билдирген. Бул палата 2,7 триллион доллардык экономикага ээ болгон 22 өлкө менен түрк иш дүйнөсүн жолугуштурат. Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклоглу, түзүлө турган түрк-араб палатасынын Түркия менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-сатык жана инвестиция карым-катнаштарына салым кошоорун айтты. Араб палаталар биримдиги 1951-жылы түзүлгөн жана таасирдүү иш-чаралары менен белгилүү мекеме болуп саналат. Борбору Бейрутта жайгашкан. Курамында Сауд Арабстан, Катар, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирликтери, Кувейт жана Оман сыяктуу бай Булуң өлкөлөрү менен Египет, Ливия, Тунис, Алжир, Сомали, Судан сыяктуу Борбордук жана Түндүк Африка өлкөлөрүнүн палаталар биримдиги бар.



Тектеш кабарлар