Түрк басма сөзү 18.11.2016

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыска маалыматтар

613469
Түрк басма сөзү 18.11.2016

«Ватан» гезити «Батыш азыркы учурда ДЕАШтын жанында» деген макаласында президент Р. Т. Эрдоган кечээ Пакистан парламентинде болгон Улуттук парламент жана сенаттын орток отурумунда сөз сүйлөгөндүгүн билдирген. Террор менен күрөшүүдө Батыш өлкөлөрүнүн мамилесин сынга алган президент Эрдоган : «Террордук уюмдарына каршы кызматташтыкты жайылтууну улантуубуз керектигине ишенем. Аль Каида жана анын бир бөлүгү катары ортого чыккан ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдар мусулмандарга зыян берген, исламга каршы жүргүзүлгөн согушка арачы болгон уюмдар. Батыш азыркы учурда ДЕАШтын жанында. Булардын колундагы куралдардын Батыш тектүү экендигин аныктадык. Булардын баары ислам дүйнөсүнө каршы жасалууда»,- деди.

«Сабах» гезити «Түркиядан 20 Батыш өлкөсүнө ФЕТӨ эскертүүсү: мал – мүлкүн конфискациялап, акчанын жолун тоскула» деген маалыматында Түркия Фетуллахчы террордук уюмга дагы бир сокку уруу үчүн аракетке өткөндүгүн жазган. Уюмдун АКШ жана Европадагы мал – мүлкүнүн тоңдурулушу үчүн 20 өлкөнү эскерткен Түркия бул өлкөлөргө ачылган эсептер, террордун финансысына колдоо берген, мыйамсыз киреше тапкан мекеме жана кишилердин тизмесин берди. Тизмеде орун алган, террорду түздөн түз финансылаганы белгиленген 400дөн ашуун фирма жана кишинин мал – мүлкүнүн конфискацияланып, акчанын киришине  тоскоол болунушу кааланып, жаңы мезгилде бул тууралуу иликтөө жүргүзүлөрүнө көңүл бурулду.

«Хүррийет» гезити «Өкмөттөн чет элдик инвестор кыймылы» деген маалыматында өкмөттүн экономикада жанданууга шарт түзө турган чет элдик инвестор аракетине өтүп жаткандыгын жазган. Премьер – министр Бинали Йылдырым чет элдик инвесторго жарандык жана жашоо уруксатын берген мыйзамдуу түзөтүүнүн эртерээк Түркия Улуттук Парламентинен өтүүсүн каалап, Африка, Сирия, Ирак сыяктуу өлкөлөрдөн Түркияга келген инвесторлор үчүн атайын аракетке өттү. Йылдырым виза маселесин жашаган чет элдик инвесторлордун маселелеринин чечилиши үчүн вице – премьер Нуреттин Жаниклиге жолдомо бергенигин айтты.

«Хабер түрк» гезити «Аниден кийин кезек Гөбеклитепеде» деген маалыматында  маданият жана туризм министрлиги Убактылуу мурас тизмесинде орун алган Гөбеклитепенин Ани урандыларынан кийин БУУнун билим берүү жана маданият уюму ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурас тизмесинде орун алышы үчүн иштерин улантып жаткандыгын жазган. Министрлик Гөбеклитепенин талапкерлик папкасын 2017 – жылы 1 -  январь күнү Дүйнөлүк мурас борборуна жиберет. Маданият жана туризм министри Наби Авжы кечээ Гөбеклитепеде иликтөө жүргүздү. Гөбеклитепенин дүйнөлүк археологиялык тарыхынын белгилүү параметрлерин олуттуу түрдө термелткен казуу аянты экендигине көңүлдөрдү бурган министр Авжы бул жердеги чыгармалардын биздин заманга чейинки 10 миң 500 жылга чейин катталгандыгын айтты.

«Йени шафак» гезити «Жоолукка ФИБАдан уруксат» деген макаласында эл аралык баскетбол федерациялары биримдиги эки ай мурда жоолук менен ойноого тыюу салган Швециянын Худдинге командасында форма кийген Ноха Бархандын  оюндарга чыгуусуна уруксат бергенин билдирген. Чечимдин  2017 – жылдын январь айынын акырына чейин жарактуу болору жана ФИБА жетекчилеринин маселени сүйлөшүү үчүн кайрадан чогулары белгиленди. Швеция баскетбол федерациясы өткөн жылы 18 жашына кирбеген Берхандын жоолугу менен оюндарга катышуусуна уруксат берген жана бул чечимин ФИБАга да билдирген. ФИБА да эки ай мурда Швеция баскетбол федерациясынын чыгарган чечимин жойгон болчу.



Тектеш кабарлар