Түрк басма сөзү-10.11.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

608233
Түрк басма сөзү-10.11.2016

«Стар» гезити «Урмат сый менен эскерүүдөбүз» деген маалыматында Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайткан күнүнүн 78-жылы эскерилип жатканын билдирген. Президент Эрдоган, Гази Мустафа Кемалдын дүйнөдөн кайткан күнүнүн 78-жылынан улам өз билдирүүсүн жарыялады. Эрдоган билдирүүсүндө, «Мустафа Кемал Ататүрк бул өлкөнүн жана улуттун орток баалуулуктарынан бири болуп саналат. Көп жылдар бою ардагерди сүйгөнүн айткан айрым катмарлар, тилекке каршы аны өзүнүн маргиналдык идеологияларына, күнүмдүк саясаттын болбогон талаштарына колдонушту. Чындыгында Ардагердин эскермесин коргоо, көз карандысыздыгыбызды, мекенибизди, желегибизди, Республикабызды жана өлкөбүздүн миң жылдык цивилизациясын, Боштондук согушунун руху менен коргоону талап кылат»,-деди.

«Хүррийет» гезити «2чи номерден Түркия билдирүүсү» деген макаласында АКШнын вице-президенти болуп шайланган Майк Пенс кечээки билдирүүсүндө Түркия менен карым-катнаштарды өнүктүрө тургандарын айтты. Пенс: «Түркия АКШнын аймактагы эң маанилүү шериктеши болуп саналат. Түркия менен болгон алакаларыбызды мурдагы күндөрдө болгону сыяктуу дагы да бекемдейбиз»,- деди.

«Сабах» гезити «Трамп жеңди тапшыруу жолу ачылды» деген макаласында  Дональд Трамптын АКШнын жаңы президенти болуп шайланышы, ФЕТӨнүн лидери Гүлендин тапшырылышы жараянында да жаңы мезгилдин баштала турганы түшүнүгүн берээрин жазган. Трамптын тышкы саясат боюнча кеңешчиси Валид Фарес өткөн жумадагы билдирүүсүндө Трамптын төңкөрүшкө каршы Түркияны колдогонун айтып, Гүлендин тапшырылышы процессинде февралга чейин жылыш болбой турганын, бирок жаңы президенттин бул темага байланыштуу кеңири маалымат алаарын айткан эле. Гүлендин уюмдашуусунун АКШдагы операцияларынын жылдар ичинде кеңейгенин белгилеген Фарес: «Трамптын төңкөрүштөн кийинки маалымдоосун эстесеңиздер Гүлен темасында кайда турганыбызды көрөсүз. Түрк калкынын төңкөрүшкө каршы турганын айтты. Демократиялык жолдор менен шайланган өкмөттү колдоодо»,-деди.

«Ватан» гезити «136 жылдык кыялдануу орундалууда» деген маалыматында Ризе шаарынын Икиздере районундагы Овид Тоо өткөөлүндө оюу иштери аяктап баратканын билдирген. 14.3 километр менен Түркиянын эң узун, дүйнөнүн төртүнчү узун кош түтүктүү автожол туннели болгон Овит туннелинде эртең премьер-министр Бинали Йылдырым катыша турган азем менен жарык көрүнө турганын жазган. Премьер-министрликтин архивиндеги каттоолорго караганда, 1880-жылы Осмон мамлекетинин өнүктүрүү иштеринде орун алдан туннель долбоору 136 жылдан кийин ишке ашкан болот.



Тектеш кабарлар