Түрк басма сөзү-8.11.2016

Түрк баса сөзүнөн кыскача мааалыматтар.

606471
Түрк басма сөзү-8.11.2016

«Сабах» гезити «Адресиңизди билебиз» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Президенттик комплексинде өткөргөн Электр станцияларынын тобу менен ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө, Түркиянын тынчтык жана коопсуздугуна кастык кылган террор уюмдары ПКК, ДЕАШ, ФЕТӨ, ДХКП-Ж сыяктуу түзүлүштөрдүн үч беш террористтен турбаганын, булардын бардыгынын артында ар башка өлкөлөр, ар башка колдоочулары жана  ар башка долбоорлору болгонун айтканын маалымдаган. Президент Эрдоган: «Кааласаңыз да каалабасаңыз да биз өнүккөн цивилизациялар деңгээлине чыгабыз. Батыш дүйнөсү каалашынча террористтерди өлкөсүндө багуусун улантсын. Бизди кыйынчылыкка түшүрүш үчүн террористтерге кучак жайгандарга үн салуудамын. Эми жашырынгыдай абалда эмессиңер. ПЙД/ЙПГ террор уюму ПККнын кошумча тармагы болуп саналат. ДЕАШты бир террор уюму менен жок кылам деп жатасыз. Буга дүйнөдө эч ким ишенбейт. Биздин эки көзүбүздү чыгаргысы келгендер жалгыз өз көздөрүн жоготушат»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Ракканы алуу баскычына Түркиясыз өтө албайбыз» аттуу маалыматында башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар менен АКШнын башкы штаб төрагасы Жосеф Данфорддун мурдагы күнү Анкарада болгон орчундуу жолугушуусунун кеңирисин АКШнын коргоо министрлиги Пентагон жарыялаганын жазган. Пентагондун расмий барагындагы жарыясында, «АКШлык жана түркиялык аскердик кызматкерлер Сирияда террор уюмун ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн операцияга байланыштуу бир план темасында макулдашты»,делди. Данфорд да Анкара сапарынан кийинки жарыясында, «Ракканын алынышы баскычына түрктөр болбостон өтө албайбыз, алар операцияда туура күчтөрдү белгилөөдө жардам берет»,-деп айтты. Данфорд Мосул темасында да кызматташтык планынын күн тартипте экенин кошумчалады.

«Йени шафак» гезити «700 фирма бул жарманкеде» деген маалыматында Эркин өнөр жайчылар жана ишкерлер коому быйыл 16сын уюштурган ЕХРО жарманкеси эртең президент Режеп Тайип Эрдогандын катышуусунда баштала турганын билдирген. «Жумуш бул жерде» деген ураан менен ачыла турган жарманке иш дүйнөсүн жолугуштурат. ЕХРОго 100дөн ашуун өлкөдөн орто эсеп менен 7 миңи чет элдик жалпы 200 миң кишинин келиши күтүлүүдө. Соода жарманкесине быйыл 700 фирма өз стенддери менен колдоо көрсөтөт.

«Ватан» гезити «Тегерандан билдирүү, 3 Иран банкы бир учурда келет» деген маалыматында Ирандын 3 чоң банкы Saman Bank, Bank Pasargad жана Parsian Bank Түркияда кызмат көрсөтүүгө даярданып жатканын жазган. Экономика министри Нихат Зейбекчи Ирандагы жолугушууларынан кийин журналисттерге маалымат берип: «Буга байланыштуу сүйлөшүүлөр уланып жатат» деди.

«Хүррийет» гезити «Орустар пландады, жаңы жылда Түркияда болушат» деген маалыматында эки өлкөнүн ортосунда чартердик каттамдар кайрадан башталгандан кийин туризмде жандануу болгонун жана орус туристтердин жаңы жылды Түркияда тосууну пландап жаткандарын маалымдаган. 



Тектеш кабарлар