Түрк басма сөзү-1.11.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

601579
Түрк басма сөзү-1.11.2016

«Сабах» гезити «Эрдогандын эркине таң калдык» аттуу маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырым менен Стамбулда жолугушкан автомобиль, финансы, мунай зат, технология дөө-шаалары «Түркияга ишенебиз, инвестициялар уланат» деген маалыматты беришкенин баяндаган.

Жолугушууда 15-июль төңкөрүш аракети жана Түркия экономикасына болгон ишенүү кеңири сүйлөшүлдү. Жыйналышта бир-бирден сөз алган СЕОлор төңкөрүш аракетинен кийин жарыялаганга аракет кылынган түшүнүк менен учурдагы экономикалык көрүнүштүн айырмасына көңүл бурушту. Дүйнөлүк дөө-шаалар ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетинде Түркиянын ийгиликтүү сыноодон өткөндүгүнө көңүл бурушуп , «Ортого салынган түшүнүк кулады. Түркия демократия темасында маанилүү сыноодон өттү. Президент Эрдогандын ал түндө ортого салган мамилесине суктандык»,дегендерин берген.

«Стар» гезити «ЕБ шарттарына шайкеш паспорт мезгили» аттуу маалыматында паспорт жана айдоочу күбөлүгүн алууда жаңы мезгил башталаарын билдирген. Түркия менен ЕБнин ортосундагы макулдашуу багытында даярдалган жана чиптеринде бармак из даталары орун алган паспорттор 1-ноябрдан (бүгүндөн) баштап бериле баштай турганын маалымдаган. Коопсуздук башкы директорлугу тарабынан ишке ашырылган паспорт жана айдоочу күбөлүгү процедуралары, полициядан алынып 1 жылдын ичинде Эл каттоо жана атуулдук иштери башкы директорлугуна өткөрүлөт. Жаңы паспорттордун чиптеринде биометрикалык көрсөткүч жана кишинин бармак изи менен катар кишиге таандык ат, фамилия, туулган жери-тарыхы, улуту, өздүгү жана паспорт номери, жынысы сыяктуу кишиге таандык көрсөткүчтөр да орун алат.

«Йени шафак» гезити «ПЙДнын зулумдугунан качып Жераблуска баш калкалашууда» аттуу маалыматында «Евфрат калканы» кыймылынын алкагында террор уюму ДЕАШтан тазаланган Жераблус, Асад жана террор уюму ПЙДнын зулумдугунан качкан сириялыктардын да баш калкалоочу жерине айланганын маалымдаган. Евфрат дарыясынын чыгышында ПЙДнын көзөмөлүндө турган Шуйухтан качып Жераблуска келген сириялыктар чатырларда жашай башташты. Суйухтуктар үйлөрүнүн ПЙД террористтери тарабынан кыйратылып, өрттөлгөнүн, мүлктөрү талоонго түшкөнүн айтышууда. Шуйухтуктар мүлктөрүн тартып алган ПЙД террористтери буларды Кобанинин чөйрөсүндөгү уюмдун мүчөлөрүнө алып баргандарын, аймакта күрт болбогон ар кимди кыйнап жаткандарын түшүндүрүштү.

«Хүррийет» гезити «Мунаранын ийилиши Писа мунарасынан дагы көп» аттуу маалыматында Элазыгдагы 859 жылдык Харпут Улуу мечиттин мунарасынын 6,8 градустук ийилүүгө ээ болгону белгиленгенин маалымдаган. Италиянын Писа шаарындагы укмуштар аянтында 1173-жылы коңгуроо мунарасы катары салынган Писа мунарасы болсо 3,99 градустук ийилгени менен белгилүү. Харпут мааласындагы Улуу мечиттин мунарасы туризм секторунда маанилүү орунга ээ болгон Писа мунарасынан 16 жыл мурда салынган. Элазыгдагы Харпут Улуу мечити Анадолунун алгачкы мечиттеринен бири...



Тектеш кабарлар