Түрк басма сөзү-31.10.2016

Түрк басма сөзұнөн кыскаяч маалыматтар.

600734
Түрк басма сөзү-31.10.2016

«Йени шафак» гезити «Энергетикада жаңы багыт Африка» аттуу маалыматында глобалдык атаандаштыктын күчөшү менен энергетика фирмаларынын жаңы базар издөөлөрүнүн ылдамдашы энергетика инвестицияларынын багытын Африка материгине бурганын маалымдаган. Материкке кызыккан түрк инвесторлор жана африкалык жол башчылар, тышкы экономикалык байланыштар кеңеши (ДЕИК) тарабынан 2-3-ноябрда Стамбулда өткөрүлө турган «Түркия-Африка экономика жана ишкерлер форумунда» жолугушат. Президент Режеп Таййип Эрдогандын эгедерлигинде, аймактагы инвестиция мүмкүнчүлүктөрү, материктеги резервдер жана иш куруу мүмкүнчүлүктөрү карала турган «Түркия-Африка экономика жана ишкерлер форумуна» Африка өлкөлөрүнөн министрлер, жеке менчик фирмалардын жетекчилери, Африка Биримдиги жана Африка өнүгүү банкынын жогорку жетекчилери жана Африка аймактык экономикалык коомчулуктардын башкы катчысы катышат.

«Стар» гезити «Түркиянын жар мунай заты Эстониянын радарында» аттуу маалыматында Эстониянын фирмасы Еести энергетиканын жогорку жетекчиси Хандо Суттер, фирмасынын дүйнөдө жар мунай затын колдонуп энергия өндүргөн эң ири фирма болгонун белгилеп, «Түркиядагы 1,64 миллиард тонналык резервдин колдонулушу, өнүктүрүлүшү жана инвесторлордун табылышы темаларында түрк нвесторлор менен чогуу иш алып барабыз»,-дегенин берген. Түркиянын жар мынай зат резервдери Болунун Гөйнүк, Чорумдун Додурга, Амасиянын Мерзифон, Йозгаттын Соргун жана Күтахиянын Тунчбилек жана Сейитөмер райондорунда жыш жайгашкан.

«Хабер түрк» гезити «104 жылдан кийин азандын үнү угулат» аттуу маалыматында Македониянын түштүк батышында орун алган жана Осмон мезгилинде борбордук абалга ээ болгон Манастр шаарындагы Хайдар Казы мечити  мурдагы көрөкмдүгүнө жетиши үчүн күн санап аткан убагы экенин маалымдаган. Фондддор башкы директорлугу 1561-1562-жылдарда Кануни Султан Сүлайман доорунда Македониянын Манастр шаарында Казы Хайдар Мырза тарабынан салдырылган Хайдар Казы мечитин кайрадан тейлөөгө киргизүү үчүн 2015-жылдан бери рестоврация ишин жүргүзүп жатканын баяндаган. 104 жылдан бери жабык турган жана жергиликтүү калк тарабынан «Балкандын принцессасы» катары мүнөздөлгөн мечиттен, рестоврациядан кийин 4-ноябрдагы жума намазы менен бирге кайрадан азан чакырылат.

«Хүррийет» гезити «Эфес түрк археологдорго аманатка берилет» аттуу маалыматында Австриянын Түркияга карата терс дипломатиялык мамилелелринен улам токтотулган археологиялык казууларына байланыштуу маанилүү маалыматтарды берген маданият жана туризм министри Наби Авжы, Австриядан дипломатиялык түрдө бул темага байланыштуу кандайдыр бир оң кадам ташталбаганын, Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүлүп жакынкы убакта акыркы чечимди чыгара тургандарын айтканын белгилеген. Түрк археологиясынын маалымат, тажрыйба жана экономикалык күчкө ээ болгонун айткан Авжы, алдыдагы мезгилден тарта археологиялык казууларды түрк археологдору менен улантууну каалагандарын, бул темада бир университет менен да сүйлөшүүлөр уланганын айтты.

«Сабах» гезити «ТИКАнын саламаттык сактоо периштелери карапайым калктарга колун созду» аттуу маалыматында Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) дүйнө жүзүнүн төрт  тарабына шыпаа жаюуда экенин маалымдаган. Жүздөгөн өлкөгө эң өнүккөн технология менен жабдылган ооруканаларды салдырган ТИКА, кызмат кылган жерлерде муктаж болгон оорулууларга сөөк чучугунан тартып, эстетикалык операцияга чейин миңдеген дарылоолор үчүн ал жактагы доктурларга билим берүүдө. ТИКА 2016-жылы гана 50дөн ашуун өлкөдө 196 саламаттык сактоо долбоорун ишке ашырды. ТИКАнын дүйнөнүн төрт тарабындагы саламаттык сактоо долбоорлорунан айрымдары булар; Бишкекте Кыргыз-Түрк достук ооруканасы, Өзбекстанда Ташкент сөөк чучугун тансплантациялоо ооруканасы, Нигерде Эне бала ден-соолугу жана реабилитация борбору, Газада түрк достук ооруканасы, Сомалиде Түркия билим берүү жана изилдөө ооруканасы, Могадишодо «Режеп Таййип Эрдоган» билим берүү-изилдөө ооруканасы жана Суданда Ньяла-Түркия билим берүү жана изилдөө ооруканасы.



Тектеш кабарлар