Түрк басма сөзү 28.10.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

598908
Түрк басма сөзү 28.10.2016

«Йени шафак» гезити «Экинчи Кандилге уруксат бербейбиз» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдогандын, террордук уюм ПККга жана анын уландыларына каршы өлкөнүн ичинде жана тышында дагы да чечкиндүү күрөшүп жаткандарын айтканын жазган. Эрдоган Ирактын түндүгүндөгү Синжар аймагында ПККнын жаңы Кандил кургусу келгенин белгилеп, буга уруксат бербей тургандарын баса белгиледи. Эрдоган: «ДЕАШ, Жераблус, Рай жана Дабык сыяктуу Эл Баб аймагынан да чегинишет. Андан соң Мүнбичке жана Раккага багыт алабыз. Муну АКШнын президенти Обама менен да бөлүштүм»,- деди.

«Сабах» гезити «Түрк улуту 15-июлда экономиканы да куткарды» деген макаласында премьер-министр Бинали Йылдырым Стамбулда өткөрүлгөн Инвестициялык кеңешүү кеңешинин 9-жыйынында, соода көлөмдөрү 666 миллиард долларга жеткен дүйнөлүк ири ишканаларга 15-июлдагы окуяны түшүндүргөнүн жазган. Йылдырым: «Ошол күнү жалгыз гана төңкөрүш аракетине бөгөт болгон жок. Ошол күнү түрк улуту бир эле учурда экономиканы да куткарды. Түрк экономикасындагы көрсөткүчтөр төңкөрүш аракетинен кийин анча өзгөргөн жок. Ал тургай, Борбордук банктын рынокко аралашуу зарылдыгы болгон жок»,-деди. Премьер-министр информатика, химия, логистика жана буга окшогон 7 тармакка өзгөчө колдоо көрсөтүлөөрүн жана атайын шыктандыруулар ишке ашаарын билдирди.

«Хабер түрк» гезити «Айрым өлкөлөрдө жер издеп жатат» деген маалыматында Фетуллахчы террор уюмунун корбашчысы Фетуллах Гүлендин тапшырылышы темасында АКШда жолугушууларды өткөргөн адилет министри Бекир Боздагдын Вашингтондогу сүйлөшүүлөрү тууралуу менчик телеканалга маалымат бергенин билдирген. Гүлендин башка өлкөгө качууга аракет кылып жатканы боюнча колдорунда күчтүү чалгындоо маалыматтары бар экенин белгилеген Боздаг: «Канада, Бельгия, Норвегия, Бразилия сыяктуу айрым өлкөлөрдө жер издеп жатат. Айрымдарынын тапшыруу келишими жок. Качуу үчүн бир канча өлкөнүн башкаруучулугу менен да сүйлөшүү ыктымалдуулугу күчтүү. Гүлендин эркин жүрүшүн кабыл албайбыз»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Түрк фильмдеринин Франкфуртка сапары» деген маалыматында Германияда уюштурулган Франкфурт кинофестивалы 30-октябрда баштала турганын билдирген. Он алтынчысы өтө турган жана 5-ноябрга чейин улана турган фестивалдын ачылышында, башкы каармандарын Озан Гүвен менен Мерйем Узерли ойногон «Апамдын жарасы» аттуу кино көрсөтүлөт. Фетивалдын алкагында 50дөн ашуун түрк киносу тартууланмакчы.



Тектеш кабарлар