Түрк басма сөзү-25.10.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

596983
Түрк басма сөзү-25.10.2016

«Йени шафак» гезити «Мосулда ар тараптуу стратегиябыз бар» аттуу маалыматында Түркиянын террор уюму ДЕАШка карай 17-октябрда башталган Мосул операциясына ар тараптуу колдоо көрсөткөнүн баса белгилеген тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун: «Түндүк Иракта жана Башикада биз машыктырган Пешмерге жана Нинова күчтөрү активдүү түрдө операцияга колдоо көрсөтүүдө. 4 реактивибиз абадан операцияга катышуу үчүн коалицияда орун алууда»,-дегенин баяндаган. Ирактын коопсуздугунун Түркия үчүн абдан маанилүү экенин баса белгилеген Чавушоглу: «Башикадагы күчтөрүбүз 700дөн ашуун ДЕАШ террористин жок кылды. Ирак биздин кошуна өлкөбүз. Ирактын коопсуздугу эң аз өз коопсуздугубуз сыяктуу маанилүү. Ар ким Сириядан келген баш калкалоочулар тууралуу сүйлөшүүдө бирок бүгүнкү күндө Түркияда 300 миңден ашуун ирактык баш калкалоочу да бар. Андан башка Ирак чек араларындагы лагерлерибиз да бар»,-деп айтты.

«Сабах» гезити «Башика 3 жактан курчалды» аттуу маалыматында Түрк куралдуу күчтөрүнүн жекшемби күнү замбирек атуулары менен колдоо көрсөткөн Ирактын Башика шаарына карай жүргүзүлгөн операция кечээ да уланганын белгилеген. Аймактагы пешмерге күчтөрү шаарды террор уюму ДЕАШтан кайтарып алыш үчүн 3 аймактан курчоого алды. Бирок операциянын ДЕАШтын жанкечтилик кол салууларынын себебинен акырын жылганы билдирилди. Террористтердин Башиканы чоң өлчөмдө таштап кеткени бирок көп сандаган буби тузактары салынганы белгиленди. Башиканын алынышы Мосул опарциясы үчүн орчундуу мааниге ээ.Мосулдан 12 км алыстыкта турган Башиканын алынышы менен ДЕАШка колдоо көрсөтүүчү жол үзүлгөн болот. Башика 500 чакты кызматкери менен Түрк куралдуу күчтөрүнүн аймактагы суннит күчтөрдү машыктырган базага 15 км аралыкта орун алган.

«Хабер түрк» гезити  «54 миллион көчтү» деген маалыматында АКШнын борбордук изилдөө фирмасы PEW, Жакынкы Чыгыштын 2005-2015-жылдар аралыгындагы көчүү кыймылын изилдегенин маалымдаган. Анда Жакынкы Чыгыштан көчкөндөрдүн саны 2005-жылдан бери 120 эсе өсүп 25 миллиондон 54 миллионго жеткенин белгилеген. PEWдин отчетунда көч кыймылынын өзгөчө 2011-жылы Сирия согушунун башталышы менен артканы баса белгиленди. Отчетто 2015-жылдан тарта «ар бир 10 жакынкы чыгыштык кишиден бирөөнүн эл аралык качкын статусунда» болгону белгиленди. Эң көп баш калкалоочуну батырган өлкөлөрдүн башында 2,9 миллион кишиси менен Иордания жана Йемен, 2,7 миллион кишини батырган Түркия болгону белгиленди.

«Хүррийет» гезити «Түркияда күнүгө орто эсеп менен 2,5 саат интернеттен музыка угуудабыз» деген маалыматында музыканын санариптикке өтүшүндөгү жолу ылдам уланганын маалымдаган. Ал эмес смартфондор жана башка мобилдик аппараттар менен буга дагы да ылдамдык кошулду. Санариптик аппараттар музыканын физикалык жол тартуусундагы пластинкалардын 70, касеталардын 55 жана CDлердин 35 жылдык үстөмдүгүн орто эсеп менен 10 жылда бүтүрүп койду. Бүткүл дүйнөдө болгону сыяктуу Түркияда да онлайн аркылуу музыка угуу көбөйүүдө. Түркиядагы интернет колдонуучулардын күнүгө 2,5 саат музыка укканын  Spotify Түркия боюнча директору Эргүл Чиви маалымдады.

«Ватан» гезити «Жер шары абдан булганды» аттуу маалыматында Дүйнөлүк метеорология уюму атмосферадагы көмүр кычкыл газынын тыгыздыгы 2015-жылы рекорддук деңггэлге жеткенин жана мунун кылымдар бою бул деңгээлдин астына түшпөй турганы эскертүүсүн кылганын баяндаган.



Тектеш кабарлар