Түрк басма сөзү-21.10.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

594603
Түрк басма сөзү-21.10.2016

«Йени шафак» гезити «14 өлкөдөн фирма жетекчилери инвестиция үчүн келишет» аттуу маалыматында вице-премьер Нуреттин Жаниклинин 9-Инвестиция кеңешүү консейинин жыйналыштарынын премьер-министр Бинали Йылдырымдын жетекчилигинде алдыдагы аптада Стамбулда өтө турганын айтканын баяндаган. Жаникли: «Жыйналыштарга 14 башка өлкөдөн, 10 башка сектордо орун алган жана жалпы сатуулары 666 миллиард доллар, жалпы жумуш менен камсыздоосу 1,5 миллион киши болгон консейдин мүчөлөрү катышат»,-деди. Түркияда инвестиция чөйрөсүнүн жакшыртылышы, эл аралык инвосторлордун келишин камсыздоо үчүн жыйналыш уюштургандарын түшүндүргөн Жаникли, коноктой турган жетекчилердин инвестиция салыш үчүн кандай өзгөчөлүк жана шарттарды каалагандарын, эмнелерге көңүл бургандарын өз ооздорунан угуу мүмкүнчүлүгүн таба тургандарын айтты.

«Хабер түрк» гезити «Жергиликтүү машыктыруучу учак Хүркуштун учукучсуз учуучу версиясы чыгарылат» аттуу маалыматында жергиликтүү билим берүүчү учак Хүркуштун жогорку ташуу өлчөмүнөн пайдалануу үчүн учкучсуз учуучу версиясы өнүктүрүлө турганын жазган. Түрк авиация жана космостук өнөр жай акцияонердик коомунун (TUSAŞ) өнүктүрүп жасап чыгарган жергиликтүү машыктыруучу учапгы Хүркуштун Жарандык авиация башкы директорлугунан алган сертификаты Европанын Авиация коопсуздугу агенттиги тарабынан бекитилди. Түрк куралдуу күчтөрү Хүркуштун учкучсуз версиясын жасап чыгаруу үчүн иштей баштоону талап кылды.

«Ватан» гезити «Дүйнөнүн алгачкы күндүн энергиясы менен иштеген талаасын куруп жатабыз» деген маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрактын Коньянын Карапынар районунда курула турган Күндүн энергиясы менен иштөөчү станциясы долбоорун таанытканын маалымдаган. Долбоордун алкагында 1 миллион доллар инвестиция менен 17 миллион кВатт/саат электр энергиясын өндүрүп чыгарат. Күндүн энергиясы менен иштеген станция аркылуу 600 миң турак үй ысытылат.

«Хүррийет» гезити «Исламофобия уу болуп саналат, аны жеңишиңиз керек» деген маалыматында АКШда президенттик шайлоосуна да таасир эткен жана акыркы бир жылда тынымсыз талкууга алынган исламофобия темасында Вашингтондогу алдыңкы мекемелерден Атлантика кеңешинде бир диспут уюштурулганын жазган. Сатымбулдун Сабанжы институтунун ардактуу мүчөсү Вуслат Доган Сабанжы, исламофобиянын батышка карата антисимпатияны туудурганын, мунун болсо кайтып келип Исламофобияны бакканын белгилеп «Исламофобия уу болуп эсептелет. Исламофобияны жеңишибиз керек»-деди. Сабанжы исламофобияны маданий жикчилдик катары аныктады.

«Сабах» гезити «Ислам дүйнөсүнүн сыйлыгы түрк билим берүүчүгө ыйгарылды» аттуу маалыматында Ислам Кызматташтыгы Уюмунун уюштуруусунда жыл сайын берилген «Ислам дүйнөсүнүн эң мыктылары» сыйлыгына алгач ирет бир түрк билим берүүчүсү ылайык көрүлгөнүн жазган. Сыйлык жогорку билим берүү тармагында Ислам дүйнөсүнө кошкон салымдарынан улам Стамбулдун Айдын университетинин камкорчулар кеңешинин төрагасы др. Мустафа Айдынга тапшырылды.



Тектеш кабарлар