Түрк басма сөзү-20.10.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

593704
Түрк басма сөзү-20.10.2016

«Хүррийет» гезити «Түрк реактивдери ПЙД/ЙПГ буталырын атып жатат» аттуу маалыматында түрк реактивдеринин Сириянын Халеб шаарынын түндүгүндө террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГга таандык буталарды атканын маалымдаган. Түрк куралдуу күчтөрү абадан кыймылында 160-200 чакты ПЙД/ПКК мүчөсүнүн жок кылынганын жарялады. Зооттолгон унаа, шаб имараты жана баш калкалоочу жай менен кошо 18 бутанын таш талканы чыгарылды.

«Сабах» гезити «Жаңы коопсуздук манифести» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Президенттик комплексинде өткөрүлгөн айыл өкмөт башчыларынын 28-жыйналышындагы сөзүндө Түркиянын жаңы коопсуздук түшүнүгүн түшүндүргөнүн жазган. Президент Эрдоган, Түркиянын жаңылыш коопсуздук түшүнүгүн таштаганын белгилеп, эми маселелер мурдатан белгиленип анын үстүнө барыла турганын айтты. Мындан ары бычак сөөккө сайылганга дейре сабыр кылынбай турганын белгилеген Эрдоган: «Өз пландарыбызды ишке ашырып коркунучтарды турган ордунда жок кылабыз. Террор маселебиз барбы? Бизге кол салууларын күтпөйбүз. Барып алардын үстүнө түшөбүз. Жикчил террор уюмун ичкериде дагы тышкарыда дагы жок кылабыз. Мосул маселесин Мосулда чечебиз. Сирияда Дабыктан Эл Бабга түшөбүз»,-деп айтты.

«Ватан» гезити «Башикага кол салуу Анкарага кол салууга тете» аттуу маалыматында вице-премьер Нуман Куртулмуштун Ирактын Мосул шаарына жакын жердеги Башика базасына кол салуу болгон учурунда Түркиянын колунан эмне келсе кыла турганын белгилеп: «Жаман көрбөңүздөр Башикага кол салуу болсо ал кол салуунун Агнкарага болгон кол салуудан эч айырмасы болбойт. Ал жерге кысым көрсөтүүгө уруксат бербейбиз»,-деди. Мосул менен катар Керкүктүн этникалык өзгөрүүсүнүн Түркиянын кабыл алышынын мүмкүн эместигин белгилеген Куртулмуш, бул эки шаардын Түркиянын кызыл чийиндери болгонун баса белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Швециядан толук ишеним» аттуу маалыматында аймагында гео-саясий өрт улам күчөп бараткан Түркиянын жаңы инвестор тартканы сыяктуу, иштеп жаткандар да базардагы инвестицияларын көбөйтүүдө экенин белгилегенин жазган. Европа Биримдигинин үнсүз дөө-шаасы жана суук түндүк өлкөсү Швециядан Түркиянын экономикасына жылуу белгилер келди. 400 чакты марка менен өлкөбүздө ишин жүргүзгөн швециялык фирмалар, Швециянын соода өнөр жай жана инвестиция борбору Бизнесс Шведин тарабынан даярдалган «Түркия иш чөйрөсүн изилдөөсү» менен түрк экономикасына ишенимин жаңылады.

«Хабер түрк» гезити «Бешикташ Наполиге өтүгүн терс кийгизди» деген маалыматында Бешикташтын Европада өз талаасында 18 жолку оюнда эч жеңилбеген Наполини жеңип таштаганын баяндаган. Чемпиондор лигасындагы өкүлүбүз Бешикташ атаандаш талаасында Наполини 3-2 эсебинде утуп алды. Фабри жаза тебүүнү тосуп койсо, Абоубалкар 2 гол киргизди. Үчүнчү голду болсо Адриону киргизди. 5 балл көтөрүлгөн Бешикташ, тайпадан жогорулоо үчүн чоң мүмкүнчүлүккө жетишти.

 

 



Тектеш кабарлар