Түрк басма сөзү 14.10.2016

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

589405
Түрк басма сөзү 14.10.2016

             

«Стар» гезити «7 миң ДЕАШ террористти ПККнын коргоосу астында Раккага өттү» деген маалыматында Ирак жана Сирияда ДЕАШ менен күрөшүүдө деген шылтоо менен жалпы дүйнөдө легитимдүүлүккө ээ кылууга аракет кылган террордук уюм ПКК жана ПЙД Синжар  -  Кобани жолунда ишенимдүү өтүүчү коридор ачып жол башчылык кылып, Мусул операциясынан мурда шаардагы 12 миң ДЕАШ террористинен 7 миңи Раккага баргандыгын билдирген. Ирак шиит өкмөтү үч жыл мурда Мусулду ДЕАШка калтырган Сирия чек арасындагы Синжар жана Телаферден да армиясын чыгарып аймакты ПККга калтырган. Максат Түркиянын түштүгүн шиит  - ПККлыктар менен курчап, Мусулдагы сунни түркмөн  - арап тең салмактуулугун бузуу. Бул пландын алдындагы бир гана тоскоолдук Мусул жолуна чыккан Түркиянын Башика аскердик лагери жана жетиштирген 4 миң кишилик жергиликтүү Мусул аскерлери.

«Ватан» гезити «Израиль газы үчүн Түркия жолу» аттуу маалыматында Израилдин Жер Ортолук деңизге жакын 800 миллиард метр куб жаратылыш газ запасынын бар экендиги болжолдолуп жаткандыгын жазган. Израилдин газды Европага экспорттоосу үчүн алдында Кипр жана Египет сыяктуу жолдор да бар. Бирок суюлтулган газ станцияларынын курулушун да керек кылган бул жолдордо чыгым көп болгондуктан мүмкүнчүлүгү жогору болгон жол катары Түркия алдыңкы планга чыгууда. Энергетика министри Берат Албайрак израилдик кесиптеши менен Стамбулда жолугушту. Жаратылыш газ түтүк жолунун курулушу үчүн сүйлөшүүлөр башталат. Эки министрлик жолдун техникалык жактарын карап чыгуу үчүн диалог куруу чечимин чыгарды.

«Хабер түрк» гезити «15 -  июль шейиттери үчүн чуркайбыз» деген маалыматында Vodafone Стамбул маратону бул жылы “15 -  июль шейиттери үчүн чуркайбыз» деген ураан менен 13 -  ноябрь жекшемби күнү өткөрүлөрүн жазган. Маратонго ушул кезге чейин 24 миң чуркоочу катталды. Каттоолор 15 – октябрь ишемби күнүнө чейин улантылат. Айрыкча 10 – 12 -  ноябрь күндөрү да кеч каттоо мүмкүнчүлүгү берилет. Маратон 15 -  июлдагы козголоң кыймылында ондогон киши шейит болгон босфор көпүрөсүндө башталат.

«Йени шафак» гезити «Султан Байезиддин сатыла турган портретинин баасы абдан жогору» деген макаласында 1580 -  жылы тартылган Биринчи Султан Байезиддин сүрөтү Лондондо сатууга чыгарыларын жазган. Сотбис аукцион үйүндө 19 -  октябрда өтө турган аукциондо портрет 150 миң стрелингден сатууга чыгат. Аукциондо миң жылдан ашуун сакталган тандамал жана аз кездешкен чыгармалар да бар. Айрыкча 1520 – жылы жасалгандыгы болжолдолгон Изник көк – ак кафель табак 180 миң стерлинг, Сүлейман ел – Үскүдари тарабынан көчүрмөсү чыгарылган, 1676 – жылы басылган Кураан болсо 120 миң стерлинг ачылыш баасы менен алуучуларын күтөт.

«Сабах» гезити «Нобель адабият сыйлыгы Диланга берилди» деген маалыматында Нобель адабият сыйлыгынын бул жылкы ээси америкалык музыкант Боб Дилан экендигин жазган. Боб Дилан жазган китебинде аталарынын түрк экендигин белгилеген. Өмүр баянын жана 40 жылдык карьерасын жазган үч сериялуу китебинин биринчи томунда чоң энесинин Трабзондук экендигин жазган Дилан чоң энесинин кагызмандык экендигин, анын үй – бүлөсүнүн негизинен Стамбулдан келгендигин жазган. Дилан жаштыгында ырдаган «Бир түрк кыштагында» аттуу ырынын Ла Бамба менен эмес өзү менен дагы көп шайкеш келгендигин да белгилеген.



Тектеш кабарлар