Түрк басма сөзү-11.10.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

587503
Түрк басма сөзү-11.10.2016

«Хүррийет» гезити «Түрк агымы боюнча тарыхый кол коюлду» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин, кечээ Стамбулда 23-Дүйнөлүк энергетика конгрессинен кийин Мабейн сарайында 1 саат 40 мүнөткө созулган жолугушуу өткөргөнүн маалымдаган. Анда абдан тыгыз өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин 2 лидер биргелеше маалымат жыйын өткөрүшүп, эки өлкөнүн Энергетика министрлери орус газын түздөн-түз Түркияга кошо турган, бул жерден да Европага жеткире турган Түрк агымы жаратылыш газ түтүк жолу долбоору боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюшканын маалымдалган.

«Хабер түрк» гезити «Энергиялуу шериктештик» аттуу маалыматында 23-Дүйнөлүк энергетика конгрессинде президент Эрдоган жана Орусиянын мамлекет башчысы Путин эки өлкөнүн арасындагы эң кеңири өнөктөштүккө кол койгонун маалымдаган. Түрк агымы долбоору үчүн кол коюлду. Орусиянын Мерсинде сала турган Акккую атомдук станциясында процесс ылдамдайт. Виза жеңилдигинде ишкерлер алдыңкы планга чыгарылат. Орусия Түркиянын ситрус, жемиш жана айыл чарба продукцияларына чектөөсүн жойду. Эки өлкө коргонуу темасында кызматташат. Түркия космос жана абадан коргонуу системалуу тендери үчүн Орусиядан да сунуш алат. Орусия виза жеңилдигинде ишкерлерди алдыңкы планга чыгарат. Орусия айрыкча Көгүлтүр агым аркылуу Түркияга саткан газын арзандатат.

«Ватан» гезити «Тарыхый келишим» аттуу маалыматында Стамбулдагы Дүйнөлүк энергетика саммитинде күтүлбөгөн окуя болгонун баяндады. Орус газынын Карадеңизден Түркияга өткөрүлүшү, ал жерден да Европага ташылышы үчүн пландалган Түрк агымы долбооруна старт берилди. Түрк агымы долбооруна президент Эрдаган жана Орусиянын президенти Путиндин карамагында кол коюлду. Келишимге Түркиянын атынан Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Алабайрак менен Орусиянын атынан Энергетика министри Александр Новак кол койду. Президент Эрдоган энергия кызматташтыгынын улана турганын баса белгилесе, Путин Түркиянын энергия коридоруна айлана турганын айтты.

«Сабах» гезити «Шейиттерди урматтоо түрк калкын мактоо» деген маалыматында Энергетика конгрессине катышкан конок лидерлер Фетуллахчы террор уюму/параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) 15-июлдагы чыккынчылык киришүүсүн айыптап Түркияны колдогондорун билдиргенин баяндаган. Орусиянын президенти Владимир Путин, төңкөрүш аракетине каршы абалды көзөмөлгө алган түрк калкын куттуктап, Түркияга ийгилик каалады. Азербайжандын президенти Илхам Алиев «Түркия улуу баатырдык үлгүсүн көрсөтүп, төңкөрүшкө каршы чыкты жана Президент Эрдогандын айланасына биригип бул зор сыноодон ийгиликтүү өттү. Түркия менен туугандыгыбыз туруктуу»,-деди. Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро да 15-июль төңкөрүш аракетинде түрк улутунун демократиясын коргоп чыкканын белгилеп, ошондой эле абалды өлкөсүнүн да башынан өткөргөнүн айтты.

«Йени шафак» гезити «Демилгечилер Стамбулда жолукту» аттуу маалыматында Түркия соода өнөр жай палаталары жана биржалары биримдигинин төрагасы Рифат Хисаржыклыоглу, Startup Стамбул конференциясынын финал күнүндөгү сөзүндө, «Стамбул жалгыз эле чоң фирмалардын эмес, Азия, Европа жана Африкадан Startupдын да борбору абалында» дегенин берген.



Тектеш кабарлар