Түрк басма сөзү 7.10.2016

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

584642
Түрк басма сөзү 7.10.2016

«Йени шафак» гезити «Түрк аскерлери Иракта калат» деген маалыматында премьер – министр Бинали Йылдырымдын Мусул жана Башика тууралуу так маалымат бергендигин жазган. Түркия Кабинеттер жана Биржалар Биримдигинин соода жан өнөр жай  кеңешинде сөз сүйлөгөн премьер – министр Иракта 63 өлкөнүн аскери бар экендигин эске салып : «Ирак өкмөтү Багдат эмне десе десин, аймактагы ДЕАШ менен күрөшүү үчүн аймактагы демографиялык түзүлүштүн  мажбур түрдө өзгөртүлбөшү үчүн түрк аскерлери ал жерде болууну улантат»,- деди. Йылдырым Ирак өкмөтүнүн ПКК терроруна карата чара көрбөгөндүгүн белгиледи.

«Сабах» гезити  «Түркия энергетикада туура жолдо  жана өсүп бара жатат» деген макаласында энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Берат Албайрак ЭнержиСА тарабынан Аданада ишке кирген 14 – 20 миллион кишиге кызмат кыла турган чакыруу борборун ачканын жазган. Ачылышта сөз сүйлөгөн министр Албайрак : «Кытайдан кийин 4,5 балл менен энергетикада  эң ылдам өскөн экинчи өлкөбүз. Түркия энергетикада туура жолдо, реалдуу өсүп бара жатат жана өсүүнү да улантат. Бул тармакта абдан маанилүү кадамдарды таштайбыз»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Rolls-Royceтан орток мотор сунушу» деген макаласында  дүйнө чоңу Роллс  Ройстун СЕОсу Уоррен Исттин президент Р. Т. Эрдоган жана премьер – министр Бинали Йылдырым менен өткөргөн сүйлөшүүнүн кенен түрдө ортого чыкканын жазган. Сүйлөшүүлөрдө  Исттин биргелеше өндүрүшкө басым жасагандыгы белгиленди. Алынган маалыматка караганда Ист дүйнөдөгү 8 – өнүккөн өндүрүш жана технология борборун Түркияда куруу боюнча пикир алышууларда болду.  2023 -  жылы уча турган улуттук аскердик реактив проектисинде орун алууну каалаган Роллс Ройс учак моторунун баарын Түркияда өндүрүүнү талап кылды.

«Хабер түрк» гезити «ТҮРКӨКтөн өлкө тышындагы биринчи трансплтация индиялык бебекке жасалды» деген маалыматта Түркияда 160ка жакын кишиге жасалган ТҮРКӨК өлкө тышындагы чет элдик оорулууларга да үмүт болгондугун жазган. Индияда иммунитет оорусу 2 жаштагы эркек балага жүлүн табуу үчүн 57 өлкөдөн 22 миллион киши белгиленди. Ылайыктуу жүлүн тапакан ТҮРКӨК Сакариядан өлкө тышына жасалган биринчи клетка трансплатациялоо менен 2 жаштагы бөбөк жашап калды.

Экинчи трансплатация болсо 18 -  августта Измирден Бельгияга жасалды. Лимфома оорулуусу бельгиялык жиберилген сөөк жүлүнүнүн трансплатацияланышы менен айыкты. ТҮРКӨК менен Греция, Германия жана АКШ сыяктуу өлкөлөрдөгү 40 оорулуу дагы жашап калат.

«Стар» гезити «Түркия элдик бийлерде дүйнө чемпиону» деген маалыматында Түштүк Кореянын Чеонан шаарында 28 – сентябрь, 3 -  октябрь күндөрү өткөрүлгөн дүйнөлүк бий фестивалында Түркиянын атынан катышкан Бүйүкчекмеже муниципалитетинин «Алтынкөпрү» элдик бийлер тобу дүйнө биринчиси болгондугун билдирген. Түрк тобу жюри мүчөлөрүнөн толук баа алды. Элдик бийлер категориясында 20 өлкөнү артта калтырып чемпион болгон Бүйүкчекмеже тобу жетишкен ийгиликтери менен Түркияны сыймыктандырды.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар