Түрк басма сөзү-6.10.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

584285
Түрк басма сөзү-6.10.2016

«Хабер түрк» гезити «Куртулмуш; Башиканын талаш темасы кылынышына уруксат бербейбиз» аттуу маалыматында Ирак Парламентинин «Түркиянын Багдаддагы элчисинин чакыртылып нота берилиши жана Түрк куралдуу күчтөрүнүн «баскынчы күчтөр» деп эсептелиши» чечимине, вице-премьер жана өкмөт катчысы Нуман Куртулмуш жооп бергенин жазган. «Башикада түрк аскеринин талаш темасына айланышына уруксат бербей тургандарын баса белгилеген Куртулмуш, Түркия Ирактын дагы Сириянын дагы жеринин бүтүндүгүн коргоосу жагынан ар түрдүү жоопкерчилигин орундатканын баса белгиледи.

«Хүррийет» гезити «Мусул каяша айтышуусу» аттуу маалыматында Иракта мурдагы күнү Парламенттин Мусул шаарына 12 км алыстыктагы Башика районунда жайгашкан Түрк аскердик бөлүгүнүн ал өлкөдөн чыгышы жөнүндө чыгарылган чечимдин жаңырыгы уланып жатканын жазган. Вице-премьер Нуман Куртулмуш: «Ирак ушунчалык майдаланып турганда ал жерде ырааттуулукту камсыздап жаткан Башикадагы Түрк армиясынын бөлүгүнүн турушуна эч кимдин каршы чыгуу укугу жок»,-деди.

«Сабах» гезити «Конституциялык соттун төрагасы Арслан: Дүйнө козулардын үн катпоосун ойноду» аттуу маалыматында Конституциялык соттун эки жаңы мүчөсү Режаи Акйел жана Юсуф Шефки Хакйемездин ант берүү аземинде сөз сүйлөгөн Конституциялык соттун төрагасы Зүхтү Арслан, 15-июлда демократиянын тебеленүү аракетине каршы дүнө жүзүнүн жакшы сынактан өтпөгөнүн айтканын баяндаган. Арслан ар бир мүмкүнчүлүктө демократиялык баалуулуктардын ээси жана коргоочусу болуп чыккандардын, Түркияда оор куралдар менен демократиянын атайын кыйратылуу аракети жана ага каршы көрсөтүлгөн демократиялык туруштукка карата «козулардын үн катпоочулугун» ойногонун белгиледи. Түркияда «Өзгөчө кырдаалдын» зарылдык абалы болгонунан киргизилгенине көңүл бурду.

«Ватан» гезити «63 өлкөдөн 1000 демилгечи Startup Стамбулда жолугушат» деген маалыматында Түркия соода палаталары жана биржалары биримдиги Startup Стамбул, дүйнөнүн алдыңкы инвесторлорун жана демилгечилерин Стамбулда жолугуштура турганын белгилеген. 2016-жылдын 6-10-октябрынын арасында аткарылган иш-чарага 63 өлкөдөн 1000 демилгечи чакырылды.

«Йени шафак» гезити «Улуттук моторго университеттин кошумчасы» аттуу маалыматында Түркиянын алгачкы жеке менчик технология университети болгон АНКА технология университети менен Украинанын Харков техникалык университетинин ортосунда кызматташтык келишимине кол коюлганын маалымдаган. Келишим менен эки университет улуттук танка жана тик учар үчүн моторлордун долбоорлонушу процессине салымдарын кошот.

 



Тектеш кабарлар