Түрк басма сөзү 12.08.2016

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

550738
Түрк басма сөзү 12.08.2016

«Миллийет» гезити «24 миллиард долларлык жаңы инвестиция жолдо» деген маалыматында премьер – министрликтин инвестицияны колдоо жана таанытуу агенттигинин төрагасы Арда Эрмут 15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин инвестицияларын тыгыз иликтеген фирмаларга телефон чалышкандарын белгилеп : «Инвесторлордун чечимдерин сурадык. Азыркы учурда жалпы саны 158, чоңдугу болсо 24 миллиард долларга жакын чет элдик инвестицияны иликтеп жатабыз.  Булардын ичинде ишке ашуу ыктымалы  өзгөргөн проектилер бар. Бирок өзгөчө активдүү улантылып жаткан проектилердин баарында «инвестицияны улантабыз» деген чечим чыгарышкандарын көрдүк»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Баш калкалоо талап кылган адмирал 26 -  июлда НАТОдо болчу» деген макаласында Түркиядагы ФЕТӨ териштирүүсүнүн негизинде кармоо буйругу чыгарылган жана АКШдан баш калкалоо талап кылган жана 22 -  июлдан баштап кызмат жерине барбагандыгы айтылган контр-адмирал Мустафа Зеки Угурлунун 26 -  июлда кызматында отурганда тартылган фотографиялары  ортого чыкты. Фотография НАТОнун расмий интернет сайтында жарыяланды. 28 -  июлдагы кабарга караганда Угурлу 26 – июлда НАТОнун Norfodlk штабында өткөрүлгөн НАТО индустриялык кеңешүү тобунун иш алып баруу жыйынына катышты.

«Йени шафак» гезити «Чет элдик инвестор Түркиядан баш тарткан жок» деген макаласында чет элдик капитал 15 -  июлдан кийин Түркияда пландаган инвестицияларын улантуу чечимин чыгаргандыгын жазган. Түркиядагы 158 чет элдик инвестор 24 миллиард долларлык проекти үчүн күн санап жатат. Премьер – министрликтин Түркия колдоо жана таанытуу агенттигинин төрагасы Арда Эрмут козголоң кыймылынан кийин инвесторлордун Түркиядагы проектилеринен баш тартышпагандарын айтты.

«Стар» гезити «Түркия ишенимдүү өлкө» деген макаласында

15 -  июлдагы козголоң кыймылына дүйнөгө белгилүү актер Ван Дамм да  үнсүз калган жок. Актер Түркиянын ишенимдүү өлкө экендигин айтты. Актер жаңы киносу тартылган жерде тартылган кыска видео менен Түркияга болгон ишенимин жана сүйүүсүн билдирген. Ван Дамм буларды айткан : «Boxer киносуну тартылган жердемин. Түркияда бир топ досум бар жана адамдарга Түркиянын канчалык ишенимдүү экендиги тууралуу пикир алышууларда болгум келет. Жакынкы убакта сүйлөшөбүз. Сиздерге, өлкөңүздөргө, үй – бүлөңүздөргө жана бардык Түркияга урмат – сыйым менен...»

«Хүррийет» гезити «Сеулда финалга калды» деген маалыматында Бурак Өзчивит жана Неслихан Атагүл негизги роль ойногон «Кара севда» сериялы эл аралык сериялдарга чоң кызыгуу көрсөткөн Сеул драма сыйлыктарында 2 тармакта финалга калды. «Кара севда»  эң жакшы сериял тармагында сыйлыкка талапкер көрсөтүлүп, Неслихан Атагүл да эң жакшы аял актриса тармагында дүйнөгө белгилүү ысымдар менен бирге финалга калды. 54 өлкөдөн 265 кайрылуу берилген иш чаранын жеңүүчүлөрү 8 -  сентябрда Сеулда өткөрүлө турган аземде билдирилет.



Тектеш кабарлар