Түрк басма сөзү 22.07.2016

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

535116
Түрк басма сөзү 22.07.2016

«Стар» гезити «Президент Эрдоган  өзгөчө кырдаал чечимине «Эркиндик үчүн күрөшүүдөбүз» деген сөз менен баа берди» деген макаласында  Улуттук Коопсуздук Кеңешинин сунушу менен 3 айга созула турган өзгөчө кырдаалдын жарыяланышына байланыштуу премьер – министрлик документи 346 добуш менен Түркия Парламентинен өткөнүн билдирген. Президент Р. Т. Эрдоган : «Парламентибиз өзгөчө кырдаал чечими менен жаңы бир эркиндик күрөшү үчүн кадам таштады. Жикчил террордук уюм менен күрөш кандай улантылып жаткан болсо булар менен да күрөшүүнү ошондой улантабыз»,- деди.

«Йени шафак» гезити Р. Т. Эрдоган 15 -  июлдун «Шейиттерди эскерүү күнү» деп жарыялангандыгын билдиргенин жазган. Президент Эрдоган келерки муундардын жараны менен полициясы менен аскери менен 15 -  июлда сокку кыймылына каршы  демократия кыймылынын бардык каармандарынын эч качан унутулбай тургандыгын да белгиледи.

«Хүррийет» гезити «Өзгөчө кырдаал калк үчүн эмес, мамлекет үчүн чыкты» деген макаласында премьер – министр Бинали Йылдырым түрк куралдуу күчтөрүндөгү хунталар кыймылынан кийин жарыяланган өзгөчө кырдаал тууралуу : «Мамлекет элге эмес, өзүнө өзгөчө кырдаал жарыялады»,- деди.

«Хабер түрк» гезити «Босфордо демократия үчүн жүрүш» деген маалыматында Стамбулда Улуттук эрк платформасынын жол башчылыгында миңдеген киши ФЕТӨчулардын 15 -  июлдагы сокку кыймылына каршы чыгуу үчүн Үскүдардан Босфор көпүрөсүнө карай жүрүшкөнүн жазган. Жүрүшкө катышкан жарандар колдорунда түрк байрактары менен сокку кыймылына каршы чыгышты. Көпүрө авто унааларга жабылды. Көпүрөдөгү  демократия күзөтү түнү кечки сааттарга чейин улантылды.

«Сабах» гезити «Командирлер да нөөмөттө» деген маалыматында демократия нөөмөттөрү алтынчы күнүндө да улантылгандыгын жазган. Эрзинжанда генерал  - майор Байрактароглу, Агрыда генерал - майор Яшар менен полковник Сел, Зонгулдакта болсо майор Туфан жарандар менен бирдикте демократия нөөмөтүнө катышты. Эл командирлерге абдан чоң кызыгуу көрсөтүштү.



Тектеш кабарлар