Түрк басма сөзү-09.06.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

507680
Түрк басма сөзү-09.06.2016

«Хүррийет» гезити «Түркия-ЕБнин ортосунда авиация боюнча макулдашуу» аттуу макаласында авиация секторунда жүргүнчү транспорту эң жогорку өлкөлөрдүн арасына кирген Түркия менен ЕБнин арасында кеңири авиация келишими үчүн сүйлөшүүлөр башталганын баяндаган. Түркия менен ЕБи деңгээлинде келишим түзүлүшүнүн эң маанилүү себептеринин арасында Түркиянын авиация тармагында негизги аймактык актерлордон бири болушу менен катар Европадагы эң динамикалуу, эң стратегиялуу жана эң ылдам өскөн авиация базарларынан бири  катары көрүнүшү бар. Келишимдер камсыздалганда бардык авиация секторунда жаңы иш мүмкүнчүлүктөрү, жаңы багыттар, жүргүнчүлөр үчүн дагы жакшы мүмкүнчүлүктөр сунушталат.

«Сабах» гезити «Немистердин фирмалары менен кеңешүү башталат» аттуу макаласында Германиянын Федералдык Парламенти Бундестаг жалган армян дооматтарына байланыштуу долбоорду кабыл алгандан кийин Түркия менен Германиянын ортосунда соода карым-катнаштарына карата маанилүү кадамдар ташталып жатканын жазган. Алдыбыздагы күндөрдө түрк экономикасынын бюрократиясы Түркиядагы немис компаниялар менен жолугушат. «Бизге колдооңузду көрсөтүңүз, дагы активдүү мамиле кылыңыз» деген маалымат берет. Тараптардын экономика актерлору да  жолугушуп, кеңешүү жыйналыштары өткөрүлөт. Түркиядагы немис фирмалары армян дооматтары темасында Түркияны жактай тургандарын ачык билдиришти.

«Йени шафак» гезити «Түркиядан Намибияга достук чакырыгы» аттуу маалыматында Түркия 1900-жылдардын башында Германия чоң кыргындарды кылган Намибияга жардамдарын көбөйткөнүн баяндаган. Гезит ТИКАнын Намибиядагы «Сан калкы» үчүн элет жерлерди өнүктүрүү программасын баштатканын баяндаган. Инфраструктура долбоорлору ишке ашырылат. Сандарга азык-түлүк, кийим, окуу куралдары жана күнүмдүк керектелүүчү материалдары да 400 км жолду басып өтүп жеткирилди.

«Хабер түрк» гезити «Карыз саныбыз төмөн» деген макаласында экономикага баа берген вице-премьер Мехмет Шимшек, дүйнөдө глобалдык карыз абдан жогорулаганын жана түшүмдүүлүк төмөндөгөнүн айтканын баяндаган.  Шимшек: «Дүйнө жүзүн алып карасак айрым жерлерде ашкере оңчулдар жана айрым жерлерде ашкере солчулдар күчөп баратат. Реформалар сүйлөшүлүүдө бирок жасала албай жатат»,-деди. Шимшек ошондой эле Түркиянын дүйнөдөн айырмасы карыз саны төмөн болгонун белгиледи.  Эсеп-кысап таңсыктыгынын азайтылышы аракеттерин дагы да ылдамдата тургандарын айткан Шимшек: «Түркия, ЕБ менен интеграциясын күчтөндүрүп, бир тараптан реформалар менен глобалдык экономикадан оң бөлүнүп чыгат»,-деди.



Тектеш кабарлар