Түрк басма сөзү 30.05.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

500363
Түрк басма сөзү 30.05.2016

 

«Стар» гезити «Жаштар ПККнын чыныгы жүзүн көрдү» деген макаласында президент Режеп Тайип Эрдоган Стамбулдун каратылышынын 563 жылдыгынан улам уюштурулган иш-чарадагы миллиондогон элге кайрылуусунда, жаштардын террордук уюм ПККнын чыныгы жүзүн көргөндөрүн айтканын жазган. Эрдоган: «Күчкө салып тоого алынып кеткен жаштар чындыкты көрүп, террордук уюм ПККдан качып жатышат»,- деди. Эрдоган үй-бүлөсүнөн зордоп алынып кеткен жана дагы деле ПККнын колунда турган жаштардын куткарылышы үчүн эмне керек болсо жасалаарын белгиледи. ПККлык террористтердин колунда орус курал-жарактары бар экенин да баса белгилеген Эрдоган: «Түрк куралдуу күчтөрүнүн ийгиликтүү операцияларды жүргүзүп жатканын айтты.

«Сабах» гезити «Европалык журналисттер баш калкалоочулардын лагеринде» деген маалыматында Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Түркиянын жетекчилигинде Стамбулда өткөрүлгөн Дүйнөлүк адамзат саммити үчүн Албания, Босния-Герцеговина,  Черногория, Косово, Македония жана Сербиядан келген 15 журналистин, Килистеги баш калкалоочуларлын лагерине баргандарын жазган. Чет элдик журналисттер Түркиянын сириялык баш калкалоочуларга кандайча кучай жайганына байкоо салышты. Лагерде ачылган сүрөт курсуна да катышкан европалык журналисттер, баш калкалоочулар трагедиясынын символуна айланган Айлан Курдинин сүрөтүн көрүп капа болушту.

«Йени шафак» гезити «Түркия Рамазан айында дүйнөнүн бардык жерине жардам жеткирет» деген маалыматында Түркиянын Диянет фонду, саналуу күндөр калган Орозо айында дүйнөдөгү 88 өлкө жана 500 аймакта муктаждыгы барларга жардам көрсөтө турганын билдирген.

Дүйнөдөгү ар башка аймактарда таркатыла турган азык түлүктөр 59 миң 185 кутудан турат. Айрыкча жайыла турган дастаркондордо 200 миң кишиге ифтар берилет. Ыктыярдуулардан турган топ орто эсеп менен 8,5 миллион лиралык жардамды таркатат.

«Хабер түрк» гезити «Мерсин 2.5 миллион туристти өзүнө тартат» деген макаласында Мерсиндин алдыбыздагы жылдардагы алдыңкы максатынын туризм болоорун жазган. Бул шаар жылдын 12 айында туристтерди тартууну максаттап жатат. Туризм тармагында алдыңкы орунда турган Мерсин, дүйнөлүк туризмдин да маанилүү борборуна айланмакчы. 2015-жылы 536 миң туристти кабыл алган Мерсинге дүйнөлүк масштабдагы отелдер азыртадан эле өз долбоорлорун сунуштап жатышат. Ал эми аймак, күн, кум, деңиз туризми менен катар маданият жана диний туризм да алдыңкы орунга чыгууда.  



Тектеш кабарлар