Түрк басма сөзү-24.05.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

496772
Түрк басма сөзү-24.05.2016

«Йени шафак» гезити «Түркия адамзатка каалгасын жаппайт» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын 60 чакты мамлекет жана өкмөт башчысынын катышуусу менен дүйнөдөгү гуманитардык жардам системасы каралган Дүйнөлүк адамзат саммитинде, «Он миңдеген бала каза болгонуна кайдыгер калган системада маселе бар дегенди берет»,-деп айтып Бириккен Улуттар Уюмуна реформа чакырыгын салганын баяндаган. Түркиянын бардык шарттын астында кыйынчылыкка туш болгондорду бооруна тарта турганын белгилеген Эрдоган: «Ким болсо болсун каалгабызды эч качан адамдарга, адамзатка жаппайбыз»,-деди. Эрдоган дүйнөдө эң көп баш калкалоочуну багып жаткан Түркиянын эл аралык коомчулуктан жетиштүү колдоону жана салым кошууну көрбөгөнүн айтты.

«Стар» гезити «АКШ менен Орусиянын ортосунда «изилдөө учуусу» боюнча кризис» аттуу макаласында Орусиянын Коргоо министрлигинин жарыясында АКШга таандык RC-135 үлгүсүндөгү учактын 22-майда Япон деңизинин үстүндө изилдөө учуусунда жүргөндө Орусиянын чек арасына жакындаганы белгиленгени билдирилди. АКШнын Москвадагы элчилигинде кызмат өтөгөн аскердик атташенин бул темага байланыштуу Орусиянын Коргоо министрлигине чакырылганы белгиленген жарыяда, «Жолугушууда мындай окуялардын кайталанбоосу үчүн чара көрүлүшү керектигине көңүл бурулду», делди.

«Сабах» гезити «ХДПлык эл өкүлдөрүнө эл каршы чыгууда» аттуу маалыматында террор уюму ПККдан тазаланган Диярбакырдын Сур районунда атуулдар, террор менен ортосуна аралык койбогон ХДПлык эл өкүлдөрүнө каршылык көрсөткөнүн жазган. Атуулдар, «Эмне үчүн бул жерге келип жатасынар, сиздин айыңыздан 6 айдан бери үйүбүзгө кире албай жүрөбүз»,деп айтышып ХДПлык депутаттардын Сурду таштап кетишин талап кылышты. ПКК террористтеринин кол салууларынын себебинен каза болгондор менен ошондой эле  мектеп, оорукана, мечиттерди өрттөшүнөн ХДПлыктарды жоопту көргөн атуулдар, «Таштап кеткиле бул жерди. Үйлөрүбүздү кыйраттыңар. Дагы эмне керек силерге»-деп каршы чыгышты.

«Ватан» гезити «Түркия менен Украина, визасыз калуу мөөнөтүн 90 күнгө чыгарат» деген макаласында Түркия менен Украинанын ортосунда атуулдардын саякаттарында 60 күн болгон визасыз калуу мөөнөтүнүн эки жактуу түрдө 90 күнгө жеткирилиши темасында принцип боюнча макулдашууга жетишилгенин жазган. Жаңы ишке ашыруунун Түркиянын Украина менен саясий, экономикалык, соодалык жана туризмге арналган карым-катнаштарын тереңдештирип эки элдин дагы да жакындашуусун камсыздоосу күтүлүүдө.

«Хүррийет» гезити «Түркияда 40 жашка чейинкилердин фирма төрагалыктары көбөйүүдө» деген маалыматында Түркиянын алдыңкы фирмаларында төрагалык орундугун жаңы муундагыларга мураска калтыргандардын саны ылдам өсүп баратканын маалымдаган. Үй-бүлө фирмаларындагы мураскорлор менен катар профессионалдык башкаруучулардын иш дүйнөсүндө көтөрүлгөн эң жогорку орундарда жаш орточосу төмөндөдү. 2025-жылы жалпы жумуш күчүнүн 75 пайызын жаштар түзгөнү эсептелсе, бүгүн 40 жаштан төмөнкүлөр кызмат кылган фирма төрагаларынын товар, кызмат өнүктүрүү жана талаптоочулар тармагында алдыбыздагы процессте дагы да чечүүчү ролду ойной турганы божомолдонууда.



Тектеш кабарлар