Түрк басма сөзү-23.05.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

496158
Түрк басма сөзү-23.05.2016

«Сабах» гезити «Чарасыз эмеспиз, чара бизбиз» аттуу макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын «Сабах» гезитине атайын макала жазганын маалымдаган. Анда дүйнөдө болуп жаткан бир топ маселенин негизинде материалдык мүмкүнчүлүктүн жетишсиздиги эмес, мээримдүүлүк жана эмпатиянын кемдиги болгонун баса белгилеген Эрдоган, глобалдык абийирди жандантуу керектигин баса белгилеп: «Түркия тарых бою согуштардан, кыргындардан, сүргүндөрдөн, зулумдуктардан качкан муктаж болгондор үчүн ар дайым баш калкалай турган коопсуз порт болду»,-деди. Эрдоган ошондой эле «Учурда Түркия 5 материкте 140тан ашуун өлкөгө жасаган жылдык 6,4 миллиард доллардык гуманитардык жардам менен, улуттук кирешесине салыштырылганда дүйнөнүн эң жоомарт өлкөсү болуп эсептелет», деген серебин салды.

«Хабер түрк» гезити «Адамзат Стамбул саммитине үңүлдү» деген макаласында Стамбул бүгүн Дүйнөлүк адамзат саммитин өткөрүүдө экенин маалымдаган. 120 өлкөдөн 50 лидер катышкан саммитте, жардамга муктаж 130 миллион адамдын маселелерине чечим табуу жолдору изделет. БУУнун тарыхында алгач ирет уюштурулуп жаткан Дүйнөлүк адамзат саммитине президент Режеп Таййип Эрдоган жана БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун жетекчилик кылат. Түркия дүйнөнүн эң чоң 3-донору жана улуттук киреше эске алынганда «эң жоомарт» донор сыпаты менен саммитке кожоюндук кылууну милдеттенди.

«Стар» гезити «Түркиядагы саламаттык сактоо системасы АКШда жок» аттуу маалыматында клеткалардын зыянга учураган ДНКларды кантип оңдогонун жана генетикалык абалын коргогонун карталандырган изилдөөлөрү аркылуу 2015-жылы Химия боюнча «Нобель» сыйлыгына ээ болгон атактуу түрк илимпозу проф.др.Азиз Санжар, Түркиядагы саламаттык сактоо системасынын дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөдөн жогору турганын айтып, «Түркияда дарылануу арзан дагы, ылдам дагы»,-деди. АКШдагы саламаттык сактоо системаларына да токтолгон Санжар, «Түркиядагы ылдам, сапаттуу жана арзан саламаттык сактоо системасы АКШда жок. Ал жерде дарылануу да, дары да кымбат. Эң бай өлкө АКШда бул системанын болбошу капага салат жана муну өздөрү да моюнга алышууда»,-деп айтты.

«Йени шафак» гезити  «Стамбулда яхта турлары эми абдан арзан» деген маалыматында яхта туризми күн өткөн сайын дагы көп кызыгууну тартууда экенин белгилеген. Мурда байларга гана кызмат кылган яхталарга орто кирешелүүлөр да кызыга башташты. Бир топ демилгечи бул сектордон үлүш алыш үчүн бул тармакка инвестиция салды. Улам жогорулаган конкуренция болсо саякатчылардын ишине жарады. Стамбулдун Босфор кысыгында эми арзан баага яхта ижарага алууга болот.

«Хүррийет» гезити «Англистер Түркия жөнүндө сүйлөшүүдө» деген маалыматында ЕВРО-2008деги тарыхый жарым финал ийгилигинен 8 жыл өткөндөн кийин чоң турнирге барган «А» улуттук курама командабызга абдан көңүл бурулганын жазган. Англиянын маанилүү медиа мекемелеринен Индепендент, улуттук курама командабыз боюнча серебин салды. Анализде штатта орун алган футболчулардын Түркия үчүн абдан маанилүү болгонун жана акыркы мезгилде жаш муундан турган футболисттерге ээ болгону баса белгиленди. Айрыкча Түркиянын Франциядагы турнирде ийгиликке жетишүү мүмкүнчүлүгү чет өлкөдө ойнгон футболчулар менен эрезеге жетээрине көңүл бурулду.



Тектеш кабарлар