Түрк басма сөзү 16.05.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

491945
Түрк басма сөзү 16.05.2016

 

«Йени шафак» гезити «Мына ошол курал-жарак жертөлөлөрү» деген макаласында террордук уюм ДЕАШ, Сирия режими жана Орусиянын ортосундагы курал-жарак жана ок-дары ташылып жаткандагы учур видео жана фотосүрөттөрү менен далилденгенин жазган. Террордук уюм ДЕАШ Халебдин түндүгүнө курал-жарак жана ок-дары чогултууда. Жүк ташуучу унааларга жүктөлгөн курал-жарактар 200 километрден ашуун аралыктан Асад режими менен катар Иран, Орусия жана Эл аралык коалициянын көз алдында өттү. 48 саатта жеткен курал-жарактар Халебдин түндүгүндө коопсуз аймакка каршы колдонулат.

 «Ватан» гезити «Бут кийимдин астына жайгаштырылган жарылуучу заттар» деген маалыматында Мардиндин Нусайбин районунда террордук уюм ПККга каршы операцияларда тузак катары коюлган бут кийимдер табылганын билдирген. Коопсуздук күчтөрү тинтүү жүргүзгөн бир үйдө террористтер тарабынан жарылуучу заттардын бут кийимдин астына жайгаштырылгандыгын аныкташты.

«Ватан» гезити «Кытайлыктар Түркияга көз артты» деген маалыматында Кытайда жылына 5 миллиард доллардык азык-түлүк жана айыл чарба продукцияларын импорттогон жана муну Түркиядан импорттоону каалаган компаниялардын жетекчилери Антальяга келгендерин билдирген. Кытайлык делегация Түркиядан алча, лимон, анар, фундук, кургатылган инжир, кургатылган өрүк, зайтун, зайтун майы, ун, кургак сүт, бал жана тоок сатып алууну каалагандарын белгиледи.

 «Хүррийет» гезити «Түркия, Азербайжан жана Грузия аскердик кызматташууну бекемдөөдө» деген макаласында Түркия, Азербайжан жана Грузиянын коргоо министрлери кечээ Азербайжандын Габала шаарында жаңы аскердик кызматташуу мезгилинин башталганын символдогон биргелешкен декларацияга кол койгондорун жазган.

«Сабах» гезити «68 жылдан кийин дагы деле үмүт бар» деген макаласында Газада көп сандаган палестиналык, Некбенин б.а Чоң кыргындын 68 жылдыгында жүрүш өткөргөндөрүн жазган. Жүрүшкө катышкан палестиналыктар «Сөзсүз кайтып барабыз» жана «Күрөшүү менен биримдик кайтып баруунун жолу болуп саналат» деген плакаттарды көтөрүп чыгышты. Палестиналыктар 1948-жылы 14-майда Израиль басып алган Палестинанын жерлеринде көз карандысыздыгын жарыя кылышы жана палестиналыктарды кетүүгө аргасыз кылгандыктан 15-майды «Чоң кыргын» деп аташкан.

 



Тектеш кабарлар