Түрк басма сөзү-10.05.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

488267
Түрк басма сөзү-10.05.2016

«Сабах» гезити «Чоң долбоор, түшүнкүтүү сапар» аттуу маалыматында Түркиянын өнүгүп өсүшүн каалабаган айрым чөйрөлөрдүн бутасына айланган, ири долбоорлордон Стамбулдагы дүйнөнүн эң чоң аэропорту долбоору, бардык тоскоолдуктарга карабастан ылдам салынып жатканын маалымдаган. Президент Режеп Таййип Эрдоган 20 пайызы бүтүрүлгөн жаңы аэропортко барды. Эрдогандын бул сапары айрым чөйрөлөргө белги берүү мүнөзүндө эле. Бүткөндөн кийин 150 миллион жүргүнчү ташый ала турган дүйнөнүн эң чоңу боло турган долбоордун алгачкы этабынын 2018-жылы февраль айында ачылышы күтүлүүдө.

«Ватан» гезити  «100 кишиден 75и ЕБне кирүүнү коодоого алууда» аттуу маалыматында Экономикалык өнүгүү фондунун төрагасы Айхан Зейтиноглу, «Түркияда коомдук пикирдин Европа Биримдигине мүчөлүк колдоосу 75,5 пайыз» дегенин жазган. Экономикалык өнүгүү фондунун сурамжылоосуна караганда, 2015-жылы 61,8 пайыз болгон колдоо көрсөткүчү 13 пайызга өскөн. Алардын 45,4 пайызы мүчөлүк менен экономиканын жогорулашы, 35,8 пайызы Европага саякат, отурукташуу жана билим алуу мүмкүнчүлүгү, 33,8 пайызы адам укуктарында өнүгүүнү күтүүсү менен мүчөлүктү колдогондору белгиленди.

«Йени шафак» гезити «Түркия өсүүсүн күчтүү түрдө улантат» деген маалыматында өнөр жай өндүрүшү биринчи чейректе 5,6 пайыз өсүп, өсүүнүн күчтүү түрдө улаанаарынын белгисин бергенин билдирген. Өсүүнүн эң маанилүү алдыңкы көрсөткүчтөрүнөн болгон өнөр жай өндүрүшү, экспортко негизделген сектордун колдоосу менен март айында да 4,7 пайызга жогорулады.Глобалдык базарларда жана аймагында болуп жаткан окуяларга карабастан өнөр жайынын өсүшүнүн күчтүү түрдө уланышы, Түркия үчүн абдан маанилүү ийгилик катары баа берилүүдө.

«Стар» гезити «Чек арага учкучсуз учуучу унаалар коюлат» аттуу маалыматында башкы штабдын төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, көрүү күчү жана маневр жөндөмдүүлүгү боюнча сыноолору уланып жаткан учкучсуз учуучу унаалардын абдан жакында пайдаланыла баштай турганы боюнча маалыматын бөлүштү. Курал дүрмөттөлгөн учкучсуз учуучу унаалар өзгөчө начар аба-ырайында да абдан жакшы жыйынтык берди. Бул темада АКШдан чыккан учкучсуз учуучу унааларды да артка калтырды.

«Хабер түрк» гезити «Узундереде туризм секириги» деген маалыматында дүйнөдөгү тынч шаарлар желесине кабыл алынган Эрзурумдун Узундере району, жасала турган жаңы инвестициялар менен туризмдеги ордун табат. Миңдеген жылдык тарыхка жана жаратылыш байлагына ээ болгон Узундереде келгендер үчүн атайын кыдыруучу жайлар түзүлөт.



Тектеш кабарлар