Түрк басма сөзү 11.04.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

468715
Түрк басма сөзү 11.04.2016

«Сабах» гезити «Биринчи голду Эрдоган киргизди» деген макаласында Бешикташ клубунун жаңы стадиону «Водафон Арена» тарыхый азем менен расмий түрдө ачылганын билдирген. Президент Режеп Тайып Эрдоган: «Бешикташ кеч болсо да өзүнө татыктуу стадионго ээ болду»,-деди. Ачылыш лентасын кескен президент Эрдоган талаанын ортосуна барып биринчи голду өзү киргизди. Президент Эрдоган менен бирге премьер-министр Ахмет Давутоглу, министрлер, 11-президент Абдуллах Гүл жана Бешикташ клубунун жетекчиси Фикрет Орман ортоңку аянтта топту бири-бирине узатышты.

«Йени шафак» гезити «Европанын террор сыноосу» деген макаласында Түркия издөө салган бирок Европа Биримдиги өлкөлөрү көптөгөн жылдардан бери өткөрүп бербеген ПККлык 350 террористти кайрадан талап кылаарын жазган.

«Хүррийет» гезити «Жаңы мектепти өрттөштү» деген маалыматында ПККлык террористтер мурдагы күнү кечинде Вандын Эдремит районундагы үч кабаттуу башталгыч мектепке шишеге куюлган жарылуучу заттар менен кол салгандарын билдирген. Өрт өчүргүчтүн аракетине карабастан мектептин айрым жерлери толугу менен жарактан чыгып калды. Электр энергиясын башкаруу системасы да өрттөнгөн мектептеги чыгым 200 миң лирага жетет.

«Хабер түрк» гезити «Диярбакыр-Эрбил аба каттамдары башталды» деген маалыматында Диябакырдан чет өлкөгө алгачкы учак каттамдарынын башталганын билдирген. Түрк аба жолдоруна таандык учак 71 жүргүнчүсү менен Ирактын Эрбил шаарына учту.

«Ватан» гезити «Яхталардын жарманке-көргөзмөсү май айында Стамбулдун Тузла районунда болот» деген маалыматында эч колдонула элек жана колдонулган яхталар арзан баада сатыла турчу «Yacht Show Eurasia» 5-10-май күндөрүнүн аралыгында Стамбулда өтө турганын билдирген. Тузладагы Viaport Marinaда боло турган жарманкеде узундугу 3-40 метрге чейин жеткен 200 башка альтернатива орун алат.



Тектеш кабарлар