Түрк басма сөзү 7.04.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

466243
Түрк басма сөзү 7.04.2016

«Йени Шафак» гезити «Террордук уюм ПККдан Арменияга колдоо» деген макаласында Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Тоолуу Карабах аймагында болгон кагылышууларга ПККнын өз согушкерлерин жөнөткөнүн жазган. Түндүк Ирактагы уясы болгон Кандилдеги ПККлыктардын буйругу менен Армения тарапка согушканы барган 400 кишилик террордук топ үчүн бомба жана операциялар боюнча машыктырылган согушкерлер тандалды. Бул учурда Эл аралык коомчулук ок атууну токтотуу үчүн аракет кылып жаткан Тоолуу Карабахта тараптар 2 күн мурда ок атпоо жарылашкан. Бирок Азербайжан Армениянын ок атпоо келишимин 115 жолу бузганын билдирди.

«Ватан» гезити «Бардык жер тузак» деген маалыматында Мардиндин Нусайбин жана Хаккаринин Йүксекова райондорунда жердеги суу чогулуп калган чуңкурларда да колго жасалган жарылуучу заттар табылганын билдирген. Коопсуздук күчтөрү жарылуучу заттар табылбай калган учурда, бул аймак террористтерден тазалангандан кийин жарандар үчүн өлтүрүүчү тузак бойдон калаарын сөз кылышты.

«Сабах» гезити «Экспортчулар Тегеранда соода борборун курууда» деген маалыматында Түркиянын Экспортчулар Ассамблеясы батыштык өлкөлөр санкцияларды жоюуну чечкен Иранда Түрк соода борбору куруп жатканын билдирген. Эмбарголор жоюлгандан кийин 40 миллиард доллардык экспорт мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон Ирандагы бул борбордун 2 айдын ичинде ачылуусу күтүлүүдө. Түркиянын Экспортчулар Ассамблеясынын төрагасы Мехмет Бүйүкекши, соода борборунда 60 компания менен бирге Түрк аба жолдору, Зираат банкы жана Халк банктын да орун алаарын айтты. Түрк соода борборунун дүйнөдөгү маанилүү жерлерде өсө турганын билдирген Бүкүйекши: «Кезекте Дубай, АКШ, Кытай, Япония жана Европа өлкөлөрү бар. Дубайда бир имаратты тандадык. АКШда 3-4 жерде, ал эми Кытайда болсо Шанхай менен Гуанчжоудо ачабыз»,- деп кошумчалады.

«Хабер түрк» гезити «Кире бериш каалгаларында биз турабыз» деген макаласында Түркияда 5, чет өлкөдө 9 аэропортту тейлеген TAV аэропорттор холдингинин TAV Атайын коопсуздук кызматтары, Түркиянын Стамбул аэропорту менен катар ири аэропорттордо коопсуздукту камсыздап жатканын жазган. «Түркиянын кире бериш каалгаларында биз турабыз» деген TAV холдингинин атайын коопсуздук боюнча төрагасы Тургай Шахан бул компаниянын Грузия, Македония, Тунис, Хорватия, Сауд Арабия жана Латвияда аэропортторду көзөмөлдөө жана чечим табуу өнөктөштүгү кызматын көрсөткөнүн айтты.

«Хүррийет» гезити «Лиззинин кыялын Түрк аба жолдору орундатты» деген маалыматында сейрек кездешүүчү генетикалык оору Ашер синдромунун себебинен көрүү жана угуу органдарынан ажыроо коркунучунда турган 5 жаштагы Лиззи Майерс аттуу америкалык кыздын Папаны көрүү кыялын Түрк аба жолдору орундатканын билдирген. Лиззинин үй-бүлөсү кичинекей кыздын сезүү органдарынан ажырай электе мүмкүн болушунча көп кыдырышын каалады. Түрк аба жолдору да үй-бүлөгө каалаган жерине баруу үчүн билет берди. Папаны көргүсү келген Лиззинин үй-бүлөсү Римди тандады жана кичинекей кыз Ватиканда Папа Франциск менен жолугушту.



Тектеш кабарлар