Түрк басма сөзү-31.03.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

461929
Түрк басма сөзү-31.03.2016

«Ватан» гезити «Жума күнү Сурга барат» аттуу макаласында премьер-министр Ахмет Давутоглунун жума күнү Диярбакырга бара турганын жазган. Давутоглу, Сур районундагы операциялардын соңуна чыгарылышынан кийин аймакта иликтөөлөрдү жүргүзүп, абалдар туурасында тийиштүү кызматтагылардан маалымат алат. Шаарлашуу пландары, Сурдагы оңдоп түздөөлөр, реабилитация процесси үчүн жасалышы керек болгондор жана жүргүзүлө турган жол картасынын алкагы премьер-министр Давутоглуна түшүндүрүлөт.

«Хүррийет» гезити «Эң ылдам түн» аттуу маалыматында мобилдик аппараттардагы интернет байланыш ылдамдыгында жаңы доордун каалгасын ачкан 4.5G бүгүн түндөн тарта Түркиядагы абоненттерге сунуштала буштаарын маалымдаган. Акылдуу телефон жана планшет сыяктуу көп функциялуу аппараттардагы интернет, ушул учурда колдонулган 3Gга караганда эң аз 10 эсе ылдамдайт. Үйлөрдө колдонулган туруктуу интернет ылдамдыгы дагы 4.5Gдан жай болуп калат.

«Йени шафак» гезити «Даяр кийим сектору рекордду каалайт» деген маалыматында даяр кийим боюнча Түркияга талап күн өткөн сайын өсүп жатканын белгилеген. Сектордун өкүлдөрү даяр кийим экспортунда 5-6 пайыз, ички базарда 8-9 пайыз өсүүнүн аткарыла турганын божомолдоодо. Даяр кийим сектору 2016-жылы 17,5 миллиард доллардан ашык экспорт жасоону максаттап жатат. Аймактык факторлордо түзөлүү болсо экспорт максатынын 20 миллиард доллардан ашышы күтүлүүдө.

«Хабер түрк» гезитинде жарык көргөн «Алачатыда көркөмдүү фестиваль» деген маалыматында дүйнөгө таанымал туризм маркасына айланган Алачаты өзү сыяктуу маркалашкан фестивалы менен конокторун тосууга даярданып жатканы орун алган. «7-Алачаты чөп фестивалы» 7-апрелден 10-апрелге чейин уланат. Чешме мэриясы баштаган иш-чара аркылуу ар кимди Алачатынын чөп жыттанган теңдешсиз көчөлөрү, жылмайган жанга жакын адамдары менен кооздуктарын тең бөлүшүүгө чакырууда. Фестиваль жыл сайын болгонундай эле быйыл да бири-биринен кызыктуу иш-чаралар менен айырмаланат, туризмге жаңы дем күч кошот. Тарыхы жана табияты менен теңдешсиз Алачатынын чөп фестивалы эми салттык шаң-шапатка айланган абалда.

«Сабах» гезити «Йешим Устаоглунун кино тасмалары Италияда» аттуу маалыматында Италиянын Флоренция шаарында уюштурулган «Middle East Now» кино тасма фестивалы быйыл «Ретроспектиф» бөлүмүн түрк режиссеру Йешим Устаоглунун кино тасмасына бөлөөрүн баяндаган. Кино сүйүүчүлөргө алтынчы ирет тартуулана турган фестиваль, 5-10-апрель күндөрүндө өтөт. Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африка киносунун эң тандамал үлгүлөрү бериле турган фестивалда, Устаоглунун 4 тасмасы кино сүйүүчүлөрдүн назарына сунушталат.



Тектеш кабарлар