Түрк басма сөзү-8.03.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

456065
Түрк басма сөзү-8.03.2016


«Хүррийет» гезити «Кана Асия бизди кубандыр» аттуу маалыматында Стамбулда 19-март ишемби күнү эртең менен 4 киши каза болгон 39 киши жаракат алган терактта жараланган 2,5 жаштагы Асия, мээ жана көз операциясынан кийин уктатылганын маалымдаган. Ал окуяда ата-энеси менен чогуу оор жараланган Асияга СМСтер Түркиянын ар тарабынан жаап келүүдө. Асия үчүн СМС жазган бир киши, «Кичинекей Асия мени кубандыр. Сага оюнчук жана жаңы коляска алам»,-деп жазды. 10 жаштагы мектеп окуучусу да Асияга жазган СМСте, «Менин атым Нергис, кичине болушум мүмкүн бирок жүрөгүм чоң. Террорго наалайт айтамын. Адамдар эмне үчүн өлүп жатат. Мындан ары өлбөсүн»,-деди.

«Сабах» гезити «Диярбакыр жол берген жок» аттуу маалыматында тынчтыкты бир жакка түртүп чуңкур, аң жана тосмолордон үмүттөнгөн Элдердин демократиялык пратиясынын (ХДП) жетекчилигине эл Диярбакыр Нооруз паркында каршы чыкты. Өткөн жылы 500 миң кишини аянтка чогулткан ХДП бул ирет 15 миң кишини араң чогулта алды жана эч ким кызыгуу көрсөткөн жок.

«Хабер түрк» гезити «Энергетика министри Берат Албайрак Кытайды көмүр боюнча кызматташууга чакырат» аттуу маалыматында энергетика министри Берат Албайрактын энергетика тармагында кызматташууга чакыруу үчүн Кытайга баратканын маалымдаган. Албайрактын бүгүн башталган Кытайга саякаты 25-мартка чейин уланат. Албайрактын 3 баскычтуу Кытайга сапарынын алгачкы баскычында борбор шаар Пекинге бараары орун алган. Пекиндин Шамал борборун кыдырат жана дүйнөнүн эң маанилүү шамал энергетикасы фирмалары менен жолуга турган Албайрак, Кытайдын өнүгүү министри жана айрым финансы мекемелери менен жолугушууларды өткөрөт. Түркиядагы коопсуз инвестиция чөйрөсүн түшүндүрүп, инвесторлорду финансылык колдоого чакырат. Албайрак Пекиндеги программасынын акырында кытайлык көмүр дөө шаалары менен жолугат. Бул фирмаларды Түркияга инвестиция салууга жана өнөктөштүк курууга чакырат.

«Стар» гезити «Ф-16лардын ордун жергиликтүү жана улуттук ФХ алат» деген маалыматында Коргоо өнөр жайы кеңешчиси Демир, келечектин жергиликтүү жана улуттук согуш учагы ФХти түшүндүрдү. Демир: «Ф-16лардан сабак алдык, толук технологиялык колдоо көрсөтпөгөндөр менен кызматташа албайбыз. Учактын 2019-жылы долбоору бүтөт, 2023-жылы прототиби чыгат. Кеч калдык бирок учак жасоону үйрөнөбүз»,-деп айтты.

«Ватан» гезити «Түрк аба жолдору учагына атайын көрсөтүү» деген маалыматында башкы демөөрчүлүгүн Түрк аба жолдору кылган «Batman & Superman» тасмасынын бет ачары Нью-Йоркто болгонун жазган. 25-мартта көрсөтүлө баштай турган тасма, кино залдарда көрсөтүлгөндөн кийин Түрк аба жолдорунун учактарында көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар