Түрк басма сөзү 17.03.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

452696
Түрк басма сөзү 17.03.2016


«Хүррийет» гезити «Наалат болсун» деген макаласында Элдик демократиялык партиясынын эл өкүлү Туба Хезердин, Анкарада 17-февраль күнү кечинде 29 кишинин каза болушуна 61 кишинин жаракат алышына себепчи болгон жанкечтинин үйүнө көңүл айтып барышына каршылык көрсөтүүлөр уланып жатканда, бул жолу да Элдик демократиялык партиясынын эл өкүлдөрү Мехмет Али Аслан менен Бесиме Конжанын, Диярбакырдын Сур районунда коопсуздук күчтөрү менен кагылышкан террористтин Батмандагы жаназасына катышып «Анын жолун улантабыз» дегендерин жазган. Бул эки эл өкүлү жаназада террористти макташы катуу каршы чыгууларды жаратты.

«Сабах» гезити «ПЙДнын террордук десанты жок кылынды» деген маалыматында Диярбакырдын Сур районунда аяктаган операциядан кийин жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө ПКК-ПЙД кызматташуусун аныктаган жаңы далилдер табылганын билдирген. Өлтүрүлгөн 301 террористтин 27синин Сириянын түндүгүндө орун алган ПЙДнин террордук десанты экени белгиленди.

«Йени шафак» гезити «Путин Асадга болгон мамилесин өзгөрттү» деген маалыматында Англияда жарык көргөн «Индепендент» гезити батыштык дипломаттарга таянып берген маалыматында, Орусиянын президенти Владимир Путиндин Сириянын президенти Башар Асадга болгон мамилесин өзгөрткөндүгүн жазып чыкканын билдирген. Орусиянын Сириядагы аскердик күчүнүн бир бөлүгүн чыгарып кете башташына ар кандай сереп салуулар айтылып жатат. Батыштык дипломаттар Орусиянын президенти Владимир Путиндин Сириянын президенти Башар Асадга болгон мамилесин өзгөрткөндүгүнө ишенгендерин айтышты.

«Стар» гезити «Түрк мебелчилери Кытайда өзүн тааныштырат» деген маалыматында Кытайда уюштурулган жана дүйнөдөгү эң ири жарманкелердин бири болгон Эл аралык Мебель жарманкеси CIFF-2016да түрк мебелчилери өздөрүн көрсөтө турганын маалымдаган. Көргөзмө-жарманкеде Түркия 4 миң чарчы метрдик аянтта кыдыруучуларды тосуп алат. Бул иш-чара Кытайдын маанилүү өндүрүштүк борборлорунан болгон Гуанчжоу шаарында 18-21-март күндөрүнүн аралыгында өткөрүлөт.

«Хабер түрк» гезити «Хабллдан 300 эсе күчтүү болот» деген макаласында Кытайдын АКШнын космостук агенттиги НАСАнын Хаблл телескобуна салыштырмалуу 300 эсе күчтүү боло турган телескоп өндүрүп жатканын жазган. Көптөгөн изилдөөлөрдө колдонула турган телескоптун, ааламдын 40 пайыздык бөлүмүн 10 жылда иликтей алаары божомолдонууда.



Тектеш кабарлар