Түрк басма сөзү-9.02.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

429558
Түрк басма сөзү-9.02.2016

«Стар» гезити «Жизреде ПККны эл жок кылды» аттуу маалыматында Жизреде айрым чөйрөлөрдүн «жарандар жарадар» деп куткарууга аракет кылган террористтер жок кылынганын белгилеген. Гезит террор уюмуна коопсуздук күчтөрүнөн дагы оор соккуну урган аймактын калкы болгонун белгилеп, 120 миң калктуу райондун 115 миңи жер которгондо ППКлыктар жалгыз калышканын, операцияларда арасында бир топ сандагы чет өлкөлүктөр да болгон террористтер жок кылынганын маалымдаган. Акыркы текшерүүлөр жасалгандан кийин көчөгө чыгууга тыюу салуу жоюлат.

«Сабах» гезити «Террор уюму ПЙДнын ортоктору АКШ, Орусия жана Асад» аттуу маалыматында сириялык оппозициячылдар АКШнын Халебге кол салуусу үчүн ПЙДга 20 аскердик кеңешчи жана бир учак толтура курал-жарак жибергенин белгилеген.

Гезит анда Асаддын Халебге чогуу кол салуусу темасында ПЙД менен макулдашканына көңүл бурду. Оппозициячылдар Орусиянын Халебге боло турган операциясын Хизбуллахтын кеңсесинен башкара турганын билдиришти. Буга кошумча АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Жон Кирби ортого салынган бардык далилдерге карабастан ПЙДны террор уюму катары карабагандарын кайталады.

«Хабер түрк» гезити «Канал Стамбулда багыт «Палеоликалык доордо» алмашыптыр» аттуу макаласында президент Режеп Таййып Эрдогандын премьер-министрлиги убагында жарыялаган жана ири долбоор «Канал Стамбулга багыт алмаштырууда эң чоң таасирлерден биринин Стамбулдун Алтыншехирине жакын жердеги Йарымбургаз үңкүрлөрү болгонунун белгиленгенин жарыялады. Йарымбургаз үңкүрлөрү орто эсеп менен 400 миң жыл мурдагыга таянат. Узундугу 1 км болгон Йарымбургаздын ичинде төбөсүнүн бийиктиги 15 метрге жеткен бөлмөлөр бар. Алдыга чыккан алгачкы багыт Чаталжа болчу. Чаталжалда да маанилүү археологиялык табылгалар табылды. Чаталжадагы Инжегиз үңкүрлөрүнүн тарыхы болсо б.з.ч 300 жылдарга жетет.

«Ватан» гезити «Искусство сүйүүсү 5 жылда 223 миллион доллар каржылатты» деген мааалыматында руханий күл азык менен катар инвестиция инструменти катары да көп кишинин кызыгуусун арттырган искусство чыгармалары акыркы жылдарда түрк искусство сүйүүчүлөрүнүн да кызыгуусун арттыра баштаганын жазган. Анда дүйнөдө жана Түркияда өткөрүлгөн аукциондордо ар түрдүү искусство чыгармалары үчүн олуттуу түрдөгү акчалар төлөнүп жатканда, бул тармактагы кызыгуу импорт сандарына да чагылышканын баяндаган. Түркия акыркы 5 жылда 223 миллион долардык искусстволук чыгармаларды, коллекциядарды жана антикалык буюмдарды импорттоду.

«Йени шафак» гезити «Улуттук футболчу Ардага кызыктыруучу сунуш» аттуу маалыматында Кытай басма сөзү өлкөнүн Супер лигасынын топторунан Шанхай .. менен Пекин Гоань командаларынын Арда Туран үчүн 100 миллион евро чегине жете тургандарын алдыга койду. Эң акырында Украина тобу Шахтерго Алекс Тейшейра үчүн 50 миллион евро төлөгөн кытайлыктар, Арда Туранды алып кетүүгө чечкиндүү карап жатышат. Кабарда бул эки команда тең Арда үчүн Барселонага сунуш алып барганын, бирк Каталон командасы жооп бере электиги орун алган.



Тектеш кабарлар