Түрк басма сөзү-26.01.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

424867
Түрк басма сөзү-26.01.2016

«Хабер түрк» гезити «Визасыз саякат карым-катнаштарга күч кошот» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу түрк жарандарынын «Шенген» аймагында визасыз саякат кыла алууларынын түрк жана Европа жарандарынын ортосундагы бардык тармактагы таасирлешүүлөрүн ылдамдата турганын белгиленин жазган.
Гезит Чавушоглунун, «Ушундайча коомчулуктардагы жаман ойлордун баары жоюла турган чоң кадам ташталган болот»-дегенин берген.
«Йени шафак» гезити «Рейс киносу тартыла баштады» аттуу маалыматында президент Режеп Таййып Эрдогандын турмушун тема кылып алган «Рейс» аттуу кино тасмасынын тартылышы Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Искеле районунда башталганын маалымдаган.
Гезит орто эсеп менен 4 миллион доллардык бюджет менен кино тартылуучу жай салынган Искеледе бир көчө толугу менен транспортко жабылганын белгилеген. Анда дүкөндөрдө оңдоолор башталганын, кинонун сценарийине ылайык түрдө тарыхый түзүлүшү сакталып, көчөлөргө президент Эрдогандын жаштык жылдары өткөн Касымпаша районунун көрүнүшү берилгенин, чач тарач дүкөнүнөн, кофекана жана буфетке чейин бардык жагы ойлонулуп, ал убактын тарыхый түзүлүшү жандандырылган.
«Стар» гезити «Дүйнөнүн экинчи эң ири мебель жарманкесине чет элдиктер чубады» деген маалыматында «Эл аралык Стамбул мебель жарманкеси ИМОБ ачылганын белгилеген. Гезит 31-январга дейре улана турган жарманкеге 15 миң чет өлкөлүк кардар келиши күтүлгөнүн, жарманкеде көбүнчө ирандыктар көңүлдү бурганын, 12 жылдан бери тартиптүү уланып келген жарманкеге 524 фирма катышып жатканын баяндаган.
«Сабах» гезити «Бир Осмон генийи, матрахчы Насух» аттуу маалыматында Матракчы Насух бир илимпоз, анын аты көбүнчө эскримге окшогон мушташ оюну «Матрак» менен билинсе дагы анын башка өзгөчөлүктөрү, тарыхчы, спортчу, математик, сүрөтчү, кооздоп жазуучу жана миниатура чебери болгонун баяндаган.
«Хүрийет» гезити «Азык-түлүкчүлөрүбүз Кёльнга жол тартышат» деген маалыматында печенье, таттуу жана шоколад секторунда Түркиянын алдыңкы фирмалары дүйнөнүн эң чоң таттуу жарманкеси катары билинген «ISM 2016» эл аралык печенье жана таттуу жарманкесине катышууга даярданганын белгилеген. 70 түрк фирмасы 31-январдан-3-февралга дейре Германиянын Кёльн шаарындагы жарманкеде түрк товарларын потенциалдуу кардарларга жеткирет.



Тектеш кабарлар