Түрк басма сөзү-17.12.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

412620
Түрк басма сөзү-17.12.2015

«Сабах» гезити «Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчылыгында шайлоо төңкөрүшү» аттуу макаласында БУУнун 70 жылдык тарыхында алгач ирет баш катчыны шайлоого 193 мүчө өлкө да активдүү түрдө катыша турганын маалымдаган.
Гезит буга дейре баш катчыны жабык эшик артында шайлаган 5 туруктуу мүчөнүн таасири азайтылган болоорун белгилеген. БУУ 70-жылдык тарыхында алгачкы жаңылыкка жетишти жана 193 мүчө өлкөнүн башкы катчысын шайлоого активдүү катышууну көздөгөн процесстин билигин жакты. БУУ, 193 мүчөсүнө алдыбыздагы жылда боло турган шайлоо үчүн талапкер көрсөтүүлөрүн талап кылган бирден кат жолдоолорун билдирди. Катта «далилденген лидерлик жана башкаруу жөндөмдүүлүктөрү болгон, эл аралык мамилелер темасында тажрыйбалуу жана дипломатиялык байланыш жөндөмдүүлүктөрү өнүккөн талапкерлердин» БУУга сунушталышы талап кылынды.
АКШ, Орусия, Кытай, Англия жана Франциядан турган 5 туруктуу мүчөнүн БУУдагы үстөмдүгүн сындаган өлкөлөрдүн башында Түркия турат. Президент Режеп Таййип Эрдоган өткөн жылда БУУнун башкы ассамблеясындагы сөзүндө бул өлкөлөрдүн БУУну таасирсиз абалга келтирилгенин айткан жана «Баса белгилей кетким келет, дүйнө 5тен чоң», деген сөз айткан. Эрдоган: «Дагы ылдам жана таасирдүү чечим чыгаруучу механизмдер курулушу зарыл. БУУ дагы эр жүрөк болушу керек»-деген.
«Ватан» гезити «Дүйнө ыраазы» аттуу маалыматында АКШнын борбордук банкы FED, 2006-жылдан бери алгач ирет пайыз жогорулатканын жазган.
Гезит FED пайыз жогорулатуусун 0,25 пайыз менен чектегенин маалымдаган. Гезит FEDдин төрайымы Жанет Йеллендин, «Көгүчкөндөр ташыган маалыматтар көңүлдү көтөрдү. АКШнын биржасы жогорулап, FEDдин орчундуу чечимине оң реакция көрсөттү. FED дин токтому дүйнө базарларын да ыраазы кылды», дегенин баяндаган.
«Хабер түрк» гезити «Катар менен биргелешип «орток душманга» каршы туруу» аттуу маалыматында Түркиянын Катардагы элчиси Ахмет Демирок Катарга курула турган аскердик базанын эки өлкөнүн орток душмандарына каршы болгонун айтканын баяндаган. Гезит 3 миң аскер жайгаша турган база, Түркиянын аймактагы алгачкы аскердик базасы болоорун белгилеген.
«Хүррийет» гезити «ДЕАШка каршы финансылык чабуул» аттуу маалыматында Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши ДЕАШтын финансылык булактарын жоюу үчүн бүгүн алгач ирет мүчө өлкөлөрдүн каржы министрлеринин алкагында жолукканын жазган. Анда кеңештин Америка Кошмо Штаттары жана Орусиянын биргелешип даярдаган долбоорун кабыл алаары орун алган.
«Йени шафак» гезити «Тимсах аренада гол киргизет» аттуу маалыматында Бурса мериясы жасаткан Түркиянын эң заманбап стадиондорунан бири болгон «Тимсах Арена» 21-декабрда көркөмдүү ачылыш аземи менен тейлөөгө киргизилээрин жазган.
Гезит Стадиондун ачылышы үчүн ойноло турган оюнда президент Эрдоган да форма кие турганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар