Түрк басма сөзү-3.12.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

399519
Түрк басма сөзү-3.12.2015

«Сатр» гезити «Орус газына каршы алгачкы кадам Катар менен ташталды» аттуу маалытында Түркия, газда Орусияга каршы булак түрлөнтүүсүндө президент Режеп Таййип Эрдогандын расмий сапар менен барган Катарда чоң кадам таштаганын маалымдаган. Гезит узун мөөнөттүү жаратылыш газ (LNG) макулдашуусуна кол койгон Катар, Түркияда LNG терминалы жана газ топтоо ишканасын курууну пландап жатканын жазган. Анда премьер-министр Ахмет Давутоглунун да Азербайжандан дагы көп газ алуу үчүн сүйлөшө турганы белгиленген.
«Ватан» гезити «Сандырактар» аттуу маалыматында АКШ бийлиги, Түркиянын ДЕАШтан мунай зат алганы жөнүндөгү айтымдарды кескин четке какканын баяндаган.
Гезит АКШнын мамлекеттик департаментинин катчысы Масон жана ДЕАШка каршы түзүлгөн коалициялык күчтөрдүн катчысы полковник Варрен, Орусиянын «Түркия ДЕАШ менен мунай зат соодасын кылып жатат» деген айтымдары «сандырактык» деп мүнөздөп, «бул айтымдарды четке кагабыз, эч бир даилили жок» дегенин берген.
«Хүррийет» гезити «98 км соодалашуусу» аттуу маалыматында Орусияга карата Анкаранын жанында орун алган АКШнын «Түркия чек арасын дагы жакшы коргосун» деген сөзү Анкарадан каршылык көргөнүн жазган. Гезит АКШ жана Орусиядан Түркияга Сирияда ДЕАШ менен чектешкен 98 чакырымдык чек арасын жабышы үчүн кысымдар күчөп жатканда Анкарада кызык диалог болгонун белгилеген. Анда АКШнын «аскер жыйгын» сунушуна түрк жооптууларынан «Сиз айткан ыкма менен кармай алуубуз үчүн 30 миң аскер жыйып 3 метр сайын бир аскер тизишибиз керек» деген жооп берилгени орун алган.
«Хабер түрк» гезити «Колдоо берилүүдө, НАТО Түркияга калкан болду!» деген кабарында Орусиянын Сирияга С-400 ракетасын жайгаштыруусу, НАТОну аракетке өткөргөнүн белгилеген.
Гезит НАТО шериктештиги Түркияда жайгашкан күчүн арттыруу чечимин чыгарганын баяндаган. Анда НАТОнун мүчөлөрү, Түркияга абдан көп учак, кеме жана аскер жолдой турганы орун алган.
«Йени шафак» гезити «Каспий багытында акы 36 пайыз төмөндөдү» деген маалыматында түрк унааларынын Азербайжан бажыканаларында, Баку-Актау Ро-Ро акыларында жана Казакстан багытына жасалган тарифтүү сапарларда Түркиянын пайдасына олуттуу арзандатуулар киргизилгенин, Каспий деңизи багытында Ро-Ро акылары жана Баку-Казакстан тарифтүү сапарларында жалпы 1920 доллардык арзандатуу жасалганын маалымдаган. Үч багыттын колдонулушунда тең чыгымдар 36 пайыз төмөндөтүлөт.
«Сабах» гезити «Эртугрул 1890га укмуш бет ачар» аттуу маалыматында Япониянын жээк сууларында чөккөн «Эртугрул» фрегаты менен 1985-жылы Түркиянын Тегеранда 215 японду куткарганы боюнча 2 өлкөнүн достугун чагылдырган кино тасманын бет ачары, Токиодо болгонун маалымдаган.
Гезит быйыл достуктарынын 125-жылдыгын белгилеген Япония менен Түркиянын алгачкы орток кино тасмасы «Эртугрул 1890дун» Япониядагы бет ачарына, эки өлкөдөн тең көп сандаган маанилүү коноктор катышканын баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар