Түрк басма сөзү 30.11.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

395619
Түрк басма сөзү 30.11.2015


«Сабах» гезити «Визасыз Европа чындыкка айланат» деген макаласында Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарында 11 жылдан кийин жапжаңы барак ачылганын жазган. Брюсселде кечээ өткөрүлгөн Европа Биримдиги-Түркия саммити 3 пайда алып келди. Булар; Европа Биримдиги комиссиясы 2016 октябрь отчетунда визасыз саякатты сунуштайт, Европа Биримдиги Түркиядагы сириялыктар үчүн эң биринчи 3 миллиард евролук каражатты камсыздайт жана 14-декабрда Экономикалык жана финансылык саясат темалуу 17-тема ачылат. 2016-жылдын биринчи чейрегинде айрым темалар үчүн да иш-чаралар жүргүзүлөт.

«Йени Акит» гезити «Орус эмбаргосуна каршы арабдардан социалдык медиа колдоосу» деген маалыматында Орусиянын президенти Владимир Путиндин түрк товарларына карай санкцияларды бекитишинен кийин араб дүйнөсү социалдык медиа аркылуу Түркияга колдоо көрсөтүү акцияларын баштатканын билдирген. Араб интеллигенттери тыгыз колдоо көрсөткөн акцияларда «Мусулманмын жана Түркияны колдоймун», «Арабмын жана Түркияны колдоймун», «Түрк товарларына колдоо көрсөт» деген хэштегдер колдонулду. Көп сандаган медиа органдарынын мүчөлөрү, активисттер жана жазуучулар да колдоо көрсөткөн акциялардагы бөлүшүүлөрдө «Түрк товарларына колдоо көрсөтүү бүткүл мусулман жана арабдардын милдети», «Түрк товарлары абдан сапаттуу. Араб дүйнөсүнүн бардык жеринде түрк фирмалары бар» деп жазылды.

«Хабер түрк» гезити «Орус калкы Путинди күнөөлөөдө» деген макаласында Түркиянын аба мейкиндигин бузган согуштук учактардын атып түшүрүлгөнү боюнча эки өлкөнүн ортосунда күчөгөн чыңалуу уланып жатканда, Орусияда ушул тема тууралуу сурамжылоо жүргүзүлгөнүнбилдирген. Орус кабар агенттиги Росбалт тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда орустардын 37 пайызы Түркия менен алакалардын бузулушуна Кремлдин жаңылыш эсептери себепчи болгонун ойлошууда. Түркиянын кызыкчылыктарын көз жаздымда калтырып «Сирияга кир» деген Орусиянын кеңешчилерин күнөөлөгөндөрдүн саны болсо 36 пайызды түздү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар