Түрк басма сөзү-5.11.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

411379
Түрк басма сөзү-5.11.2015

«Хабер түрк» гезити «Президент Режеп Таййип Эрдоган жаңы процесстин аталышын жарыялады: «Улуттук биримдик жана туугандык процесси» аттуу макаласында президент Эрдогандын «муздаткычка салынган» чечүүчү жол процессине байланыштуу, «Бул ишке сөзсүз бир ат коюлушу керек болсо, мунун аты эми «Улуттук биримдик жана туугандык процесси» болот, «Улуттук биримдик, туугандык» дегендер бар болсо, бир чатырдын астына чогулушубуз керек, мунун башка чарасы жок»- деп айтканын баяндаган.
Гезит Эрдогандын жаңы конституция талаштары үчүн да, «Түркия тез арада жаңы конституция маселесин чечиши керек. Тоскоол болуучу мамиле кылгандар, 4 жылдан кийинки шайлоодо жооп берет» деген сөз айтканын маалымдаган.
«Сабах» гезити «Глобалдык базардын дөө-шаалары Түркиядан үмүттөнүүдө» аттуу маалыматында глобалдык базарларга багыт берген финансылык мекемелер Түркиянын шайлоо процессинен бир партия менен чыгуусунун эң мыкты жыйынтык болгонун белгилеп, мунун өсүү жана жеке менчик сектор инвестицияларына ылдамдык киргизгени көздөлгөнүн белгилеген. Эл аралык финансы институтунун башкы экономисти Клей Берри, «Жыйынтыктар жарыялангандан бери, Түрк капиталдарында жеңилдөө раллиси болууда» деген серебин салган. Коммерсбанктын өнүккөн базарлар боюнча экономисти Татха Гхош болсо шайлоо жыйынтыктарынан кийин алдыбыздагы жылга байланыштуу экономикалык өсүү божомолун 2,5 пайыздан 3,5 пайызга жогорулаткандарын айтты.
«Хүррийет» гезити «Хамди Улукаяга БУУдан глобалдык лидерлик сыйлыгы» аттуу маалыматында БУУнун фонду жана БУУнун АКШ коому, атагы дүйнөгө дүңгүрөгөн Chobanı айран маркасынын куруучусу жана жетекчиси Хамди Улукаяга баш калкалоочуларга гуманитардык жардам камсыздаган күжүрмөн эмгектеринен улам, Глобалдык лидерлик сыйлыгын ыйгарганын жазган.
Гезит жумушчуларынын 30 пайызы баш калкалоочулардан турган жана гуманитардык жардамдары менен бүткүл дүйнөнүн көңүлүн бурган Улукая, Нью-Йоркто уюштурулган аземде бүткүл дүйнөгө чакырык салып: «Бириксек жана чогуу иштесек, бул кризисти чече ала турганыбызга ишенүүдөмүн. Жеке менчик сектор өкмөттөргө баш калкалоочу саясаттарын өзгөртүүлөрү үчүн кысым көрсөтүшү керек»-дегенин берген.
«Ватан» гезити «Кызылырмак куш бейиши ЮНЕСКО жолунда» аттуу маалыматында Самсунда табигый өзгөчөлүктөрү чоң өлчөмдө сакталган Түркиянын Карадеңиз жээгиндеги жалгыз саздак аянты Кызылырмак дельтасынын ЮНЕСКОго кириши үчүн иштер аткарылууда экенин маалымдаган.
«Стар» гезити «4-Керемет оңдолууда» аттуу маалыматында дүйнөнүн жети кереметинен бири болуп эсептелген б.з.ч. 226-жылы жер титирөөдө кулаган Родос айкели 2200-жылдан кийин кайрадан курула баштаганын, 150 метр бийиктиги боло турганы пландалган айкелдин ичинде музей, маданият борбору, китепкана жана ресторан болот дегенин белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар