Түрк басма сөзү-3.11.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

409488
Түрк басма сөзү-3.11.2015

«Сабах» гезити «Эрдогандын жеңиши» аттуу макаласында АК партиянын 1-ноябрдагы парламенттик шайлоодогу жеңиши, дүйнөлүк басма сөздө кеңири орун алганын жазган.
Гезит Англия, Франция, АКШ жана Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн гезиттери менен веб кабар баракчалары, АК партиянын 50 пайызга жакын добуш алып жеңишке жетишкенине кеңири орун беришкенин жана «Эрдоган так эле саясат сыйкырчысы» деген серептерди салганын маалымдаган.
Алдыңкы маалымат сайттары жана гезиттер «Эрдогандын жеңиши» деген теманы койсо,  АК партиянын 7-июнда алдырып койгон парламенттеги көпчүлүктү эсеси менен кайра алганын белгилешкен. Англиянын Таймс гезити «Эрдоган саясаттын гудини» деген серебин салганын, Индепендент болсо «Түркиянын колу Сирия темасында күчтөнөт» деп жазган.
«Хабер түрк» гезити 1-ноябрь шайлоолоруна «өзүнө келүү» урааны менен кирген жана жеңишке жетишкен АК партия, кабинетте да мындан мурда министрлик кылган тажрыйбалуу ысымдарга орун бергенин жазган.
Гезит Али Бабажан, Режеп Акдаг, Бинали Йылдырым, Жемил Чичек, Бешир Аталай, Танер Йылдыз, Фарук Челик сыяктуу партиянын алдыңкы кишилеринин кайрадан кабинетке келиши күтүлгөнүн маалымдаган. Өкмөт башчы Давутоглу менен жакындан кызматташкан Жевдет Йылмаз, Лүтфү Элван, Мехмет Шимшек, Наби Авжы жана Эфкан Ала да Министрлер кеңешинде орун ала турганы сүйлөшүлгөнүн баяндаган.
«Хүррийет» гезити «Убададан чындыкка» аттуу маалыматында АК партиянын өзү жалгыз бийликке келиши менен эми наркы 2,3 миллиард лиарага жеткен убадаларга көңүлдөр бурулганын жазган.
Гезит өкмөттүн куралышы менен бирге эң оболу убактылуу бюджет белгиленээрин, андан соң декабрь айында эң төмөнкү айлык сүйлөшүүлөрү башталаарын билдирген.
Гезит бул баскычтан кийин убадаларга карай программа түзө турганын жана алгачкы пакетке карай мыйзамдык түзөтүүлөрдүн парламентте эң биринчи күн тартипке коюлаарын, убадалар орто мөөнөттүү программага да кошулаарын маалымдаган.
«Стар» гезитинде жарык көргөн «Мега долбоорлор толук кандуу иштейт» аттуу макалада Түркияны өргө чаба турган мега долбоорлор шайлоо үкөгүнөн чыккан жыйынтык менен ылдамдай турганын жазган.
Гезит 100 миллиард доллардан ашкан мега долбоорлор Түркияны 2023-жыл максаттарына алып бараарын белгилеген. Элдин ырааттуулук үчүн добуш бериши менен Стамбул финансы борбору (İFM) долбоору, Евразия тоннели, Аккую атомдук станциясы, ТАНАП долбоору, Түрк агымы, Ылдам жүрүүчү поезд (YHT) жолдору, Канал Стамбул, 3-Көпүрө, 3-Аэропорт, Жергиликтүү автомобиль, Улуттук жергиликтүү жүргүнчү учагы сыяктуу Түркияны дүйнөнүн туу чокусуна чыгара турган гигант проекттерге байланыштуу иштер кыска мөөнөттө аяктай турганын белгилеген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар