Түрк басма сөзү 26.10.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

400441
Түрк басма сөзү 26.10.2015


«Ватан» гезити «Мына алгачкы улуттук согуштук учагы» деген маалыматында улуттук унаадан кийин улуттук согуштук учагында да концепция белгилүү болгонун билдирген. Эки жыл мурда үч башка концепция боюнча иш жүргүзгөн Түрк авиация өнөр жайы жана аба күчтөрү акырында эки мотордуу учак өндүрүүнү чечти. FX-1дин сериялуу өндүрүшү 2016-жылы башталат. Учактын 2023-жылы биринчи жолу Түркиянын аба мейкиндигинде учуусу максатталууда.

«Стар» гезити «Террордун издери өчүрүлүүдө» деген макаласында бөлүүчү террористтердин Диярбакырдын Сур районундагы кол салуусунан урап калган мечит жана чиркөөлөрдү оңдоо иштери башталганын жазган. ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген Диярбакыр чептери жана Хевсел бакчалары орун алган Сур районунда ПККлык террористтердин кол салуулары тарыхый жайларга да зыян тийгизди.

«Йени шафак» гезити «Иранда түрк товарлары окшоштурулуп чыгарылууда» деген макаласында түрк текстиль товарларынын Иранда окшоштурулуп чыгарылып сатылып жаткандыгы аныкталганын жазган. Стамбулдагы Даяр кийим жана текстиль боюнча экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Хикмет Танрыверди, өзгөчө текстиль товарларында түрк товарларынын сапаттуулугуна Иран эли да абдан ишенет. Ушундан улам окшоштурулуп чыгарылып жатканын айтты.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору Майамиге каттай баштады» деген маалыматында Түрк аба жолдорунун Америка материгинде Буэнос-Айрес, Сан-Паулу, Торонто, Монреаль, Чикаго, Хьюстон, Лос-Анжелес, Нью-Йорк, Вашингтон, Бостон жана Сан-Францискодон кийин Майамиге биринчи каттамын кечээ баштаганын билдирген. Стамбул-Майами каттамдары жуманын ар күнү эки тараптуу түрдө жүргүзүлөт.

«Хабер түрк» гезити «Берил дүйнө үчүнчүсү болду» деген макаласында Измирде көркөм өнөрчүлүк лицейинде окуган Берил Зорлунун Канадада уюштурулган жана 25 өлкөдөн аутизм менен ооруган таланттуу жаштар катышкан 6-Дүйнөлүк аутизм фестивалда үчүнчүлүктү алганын жазган. Берил айрыкча алдыбыздагы жылы өтө турган 7-Дүйнөлүк аутизм фестивалына да чакырылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар