Түрк басма сөзү-25.10.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

399555
Түрк басма сөзү-25.10.2015

«Сабах» гезити «Кызыл сызыктан ашкан ПЙД сабагын алды» аттуу маалыматында Түркиянын Түндүк Сирияда кызыл сызык катары аныктаган Эфрат деңизинин батыш жагынан (Жераблус-Азездин ортосунда калган аймак) өтүүгө аракет кылган ПККнын Сириядагы уландысы ПЙДга таандык куралчан күчтөр орун алган 2 катер Түркиянын F-16 учактары тарабынан атылганын жазган.
Гезит анда катерлер талкаланганын, окуядан кийин дароо дипломатиялык киришүүсүн баштаган АКШга, Анкара «Августтагы меморандумга ылайык ПЙД Эфрат чегинен өтө албайт» деген маалыматты бергенин баяндаган. Гезит Түркия Азез-Жераблус сызыгын улуттук коопсуздук маселеси катары көрө турганын белгилеген.
«Ватан» гезити «Чет өлкөдөгү добуш берүүлөр бүгүн аяктайт» аттуу маалыматында Түркия 1-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого даярданып жатканда 54 өлкө жана 113 өкүлчүлүктө добуш берүү мөөнөтү бүгүн аяктай турганын жазган.
Гезит Түрк жарандарынын жашаган өлкөлөрүндө берген добуштары, учактар жана дипломатиялык курьерлер аркылуу Түркияга алынып келинээрин, Анкарага алып келине турган добуштар 1-ноябарь күнү кечинде бүтүндөй өлкөдө добуш берүү процесси аяктагандан кийин башка добуштар менен кошо бир убакта санала баштаарын маалымдаган.
«Йени шафак» гезити «Базарларда жогорулоо бар» аттуу маалыматында Кытайда экономиканын акырындашы, Американын борбордук банкынын (FED) пайыз жогорулатуусун күтүү, террор жана жакынкы аймакта болуп жаткан геополтикалык коркунучтардын себебинен өлкө ичи жана тышындагы базарлардын үстүндө жылып жүргөн кара булуттар таркай баштаганын жазган.
Гезит Түркиянын жетинчи кабарлашуу спутниги 4Внын космоско учурулушу, 4.5G тендери, ЕБ менен 17-берененин ачылуу белгиси, «Кылымдын проекти» катары билинген ТКТРна суу жеткирүү, жергиликтүү автомобилде прототиптердин таанытылышы менен катар Европа борбордук банкынын «мол акчаны улантуу» билдирүүсү базарларды жогорулатып койгонун маалымдаган.
«Хабер түрк» гезити «152 өлкөгө макарон экспорттоп жатабыз» аттуу маалыматында 1922-жылы Измирде кичине бир ишканада баштаган макарон өндүрүү, учурда Түркиянын эң маанилүү экспорт тармактарынан бирине айланганын белгилеп, 152 өлкөгө жылына 735 миң тонна макарон экспорттоп жатканын баяндаган.
«Стар» гезити «ТРТ экрандарында Чыгыш модели» аттуу маалыматында Азия-Тынч океан өлкөлөрүнүн берүүлөр биримдиги (ABU) тарабынан уюштурулган ABU TV ыр фестивалы, ТРТнын эгедерлигинде 28-октябрда Стамбулда өтө турганын маалымдаган.
Гезит быйыл төртүнчүсү уюштурула турган фестивалга 12 берүү мекемеси жана буларды өкүлдүк кылган 12 атактуу ыр чебери менен топ катышып, чыгармалары тартууланаарын, Түркияны Мурат Далкылыч өкүлдүк кыла турган фестиваль 68 өлкөдөн көрүлсө болоорун жана ТРТ-Музыка каналынан түз-эфирде берилээрин баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар