Түрк басма сөзү-16.09.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

350799
Түрк басма сөзү-16.09.2015

«Сабах» гезити «Мамлекеттин жетекчилиги «бир үн митингине катышат» аттуу маалыматында жарандык колдошуу платформасы тарабынан уюштурулган «миллиондогон үн террорго каршы бир үнгө айланат» аттуу митинги, Йеникапы митинг аянтында саат 16:00-19:00 арасында өтөөрүн жазган.
Гезит программага президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагасы Исмет Йылмаз жана премьер-министр Ахмет Давутоглу да катышаарын маалымдаган.
«Стар» гезити «Чет элдиктер түрк банктарына насыя бериш үчүн кезекке турушту» аттуу маалыматында түрк банктары, насыя рейтинг баасын берүүчү мекемелердин терс отчетторуна карабай эл аралык базарлардан синдицирленген насыяларына кол коюсун улантууда экенин белгилеген.
Гезит Вакыфбанк жана Ишбанк жалпысы 2,12 миллиард доллардык насыя алганын, апрель айында 1 миллиард доллардан жогору банкчылык тарыхынын эч чоң синдицирленген насыясына кол койгон Вакыфбанк, 936 миллион доллардык жылдын экинчи синдицирленген насыясына кол койгонун маалымдаган.
«Ватан» гезити «Гүлер Сабанжы дүйнөнүн эң күчтүү 25 айым ишкеринин арасында» аттуу макаласында Сабанжы Холдингдин башкаруу кеңешинин төрйымы Гүлер Сабанжынын «Fortune» журналы тарабынан даярдалган «Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка аймагынын эң күчтүү 25 ишкер айымы» тизмесинде төртүнчү орунда болгонун белгилеген.
Гезит Евро аймагынын күчтөн тайышы жана Жакынкы Чыгыштагы кризистерге карабастан Гүлер Сабанжынын аймактагы күчү талашсыз болгонун жана анын Түркияда аялдан иш дүйнөсүндө күчтөнүшүнүн чечкиндүү өкүлү экенин маалымдаган.

«Миллийет» гезити «5 түрк университети алдыңкы 500дүн ичинде орун алды» аттуу маалыматында Англиянын билим кеңешчилиги Quacquarelli Symonds фирмасы тарабынан белгиленген 2015-2016 дүйнө университеттеринин тизмелөөсүн жарыялаганын жазган.Анда Билкент, Жакынкы Чыгыш техникалык университети, Босфор, Сабанжы жана Коч университеттери алдыңкы 500дүн ичине киргени, дүйнөлүк университеттер тизмелөөсүндө да алдыңкы бешөө катары менен Массачусетс технология университети, Гарвард, Кембриж, Стэнфорд университети жана Калифорния технология институту орун алган.

«Йени шафак» гезити «Жан суусу Вандан” аттуу маалыматында Иран, дүйнөнүн эң чоң экинчи туз гөлү катары билинген жана 90 пайыздан ашык жери кургаган Урмие Көлүн кайрадан жандантуу үчүн Ван Көлүнөн суу алып барууну пландаганын маалымдаган.
Гезит Урмие Көлүн жандантуу комиссиясынын катчысы Иса Келантеринин Ван Көлү жана Урмие Көлүнүн суу курамынын бири-бирине шайкештигине байланыштуу иликтөө жасай тургандарын, 3-4 айга созула турган изилдөөдөн кийин эки өлкөнүн арасында техникалык жана саясий сүйлөшүүлөрдүн жаса турганын айтканын баяндаган. Бул үчүн 6 миллиард доллар каражат бөлүндү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар