Түрк басма сөзү-13.09.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

387017
Түрк басма сөзү-13.09.2015

“Йени шафак” гезити Түркия Сириядагы балдарга 1 миллион китеп жөнөттү” аттуу макаласында мектептердин ачылаарына аз убакыт калганда сириялык балдардын окуу китептерин камсыздоо үчүн Түркия аракетке өткөнүн белгилеген.
Гезит Сириядагы балдарга 1 миллион окуу китеби жөнөтүлгөнүн, 10 жүк ташуучу унаа менен жиберилген китептердин, оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү аймактарга жеткирилип, жаңы окуу китептеринен Асад тууралуу маалыматтар чыгарылып ташталганын маалымдаган.
“Ватан” гезити “Адам качыргандарга кайыкты француз консулдугу сатыптыр” аттуу маалыматында Франциянын ардактуу консулу Франсуа Олкейдин Мугланын Бодрум районунда адам качыргандарга үйлөмө кайык сатканы белгилүү болгонун жазган.
Гезит Франция консулу кызматтан алынганын жана анын: “Мен сатпасам башкасы сатат”-дегенин, Бодрумдан Греция аралдарына мыйзамсыз жолдор менен кеткен көчмөндөрдү ташуучуларга үйлөмө кайыкты эң көп француз консулдугу сатканы белгиленгенин маалымдаган.
“Сабах” гезити “Мына ПККнын күрт калкына зулумдугу” аттуу маалыматында батыш медиасы актоого аракет кылган террор уюму ПККга, күрт калкынан каршы чыгуу күчөп жатканын баяндаган.
Гезит тоодон келип элдин арасына аралашкан ПККлык террористтер Жизреде жашырынган маалаларды жер менен жексен кылгандарын, күрт калкы болсо ПККга ыза болуп жатканын, террор уюму ПКК, көпүрөлөрдү бомбалаганын, туш келди таштаган миналар балдардын да өлүмүнө себепчи болгонун, террор уюмунун тынчтыктан сөз кылып куралдуу кагылышууларды күүлөгөнүнүнө калк каршы чыгып жатканын маалымдаган.
“Стар” гезитинде жарык көргөн “Булуң өлкөлөрү Стамбулду тандашты” аттуу маалыматта Түркия экономикасынын акыркы жылдарда өсүүсүнө локомотив сектор катары салым кошкон кыймылсыз мүлк сектору Дубайда көңүлдү көтөргөнүн жазган.
Гезит Дубайдагы ‘Cityscape’ турак жай жарманкесине катышкан түрк фирмалары ыраазы болуп кайтышканын, жарманкенин биринчи күнү 250 миллион доллардык сатууга кол коюлса, бул сан акыркы күнү эки эселенгенин, жарманкеде Стамбулдун долбоорлору эң көп көңүлдөрдү бурганын белгилеген.
“Хабер түрк” гезити Венгер делегациясы Анкарада айран-таң калды” аттуу маалыматында Будапешт күндөрүнүн алкагында Анкарага келген Будапешттин мэри Истван Тарлос жана аны коштогон делегация, Анкарапаркты кыдырганын жазган.
Гезит делегациянын алгачкы аялдамасы гигант “rolller coaster” оюну болгонун, ага түшүп көрүп ооздору ачылганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар