Түрк басма сөзү-27.08.2015

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

370282
Түрк басма сөзү-27.08.2015

«Хүррийет» гезити «60 өлкөдөн 1000 ишкер Анкарада жолугушууда» аттуу макаласында В20 Түркия конференциясы 3-5-сентябрь күндөрүндө Анкарада болоорун жазган.
Гезит Түркиянын палаталар жана биржалар биримдигинин жарыясына ылайык, Түркиянын cоода палаталары жана биржалары биримдиги менен В20 Түркиянын төрагасы Рифат Хисаржыклыоглунун жетекчилигинде өткөрүлө турган иш-чарада жолуга турган дүйнөлүк иш дүйнөсүнүн актерлору экономикадагы кыйынчылыктарды талкуулашаарын баяндаган. Гезит ошондой эле президент Режеп Таййип Эрдогандын да катышуусу күтүлгөн В20 Түркия конференциясында 60 өлкөдөн миңден ашуун ишкер жана финансы дүйнөсүнүн өкүлдөрү орун алаары, конференцияда Чоң жыйырмалыктын каржы министрлери жана борбордук банк башчылары да катыша турган отурумдар өткөрүлөөрүн маалымдаган.
«Сабах» гезити «Мамлекеттин кассасына 4 миллиард евро» деген макаласында мамлекеттин кассасына 4 миллиард евролук киреше алып келген 4,5 G нын тендери үч GSM операторлору (Turkcell, Vodafone жана Avea) Түркиядагы интернет жана байланыш базарына болгон ишеничтин далили болгонун баяндаган.
Гезит 13 жылдык лицензия алган фирмалар 1-апрелде кызматын баштай турганын белгилеген.
«Ватан» гезити «Бразилиялык Воторантимден 140 миллион евролук пайдубал» деген маалыматында бразилиялык Votorantim Cimentos тун Сиваска кура турган 140 миллион евро наркындагы жаңы цемент заводунун пайдубалы түптөлгөнүн маалымдаган.
Гезит Votorantim Cimentos президенти Уольтер Диссингердин, Түркиянын фирма кура турган узун мөөнөттүү инвестициялардын ичинен маанилүү орунду ээлегенин сөз кылганын баяндап, анын  2017-жылдын башында ишкананы иштете тургандарын айтканын баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Түрк банктарына Европанын мактоосу» деген маалыматында Европанын борбордук банкынан (ECB) түрк банктарына мактоо айтылганын билдирген.
Гезит түрк банкчылык системасынын терс олку-солкулуктарга чыдамдуу болгону баса белгиленген Европанын борбордук банкынын отчетунда, сектордун насыя камсыздоо потенциясынын жогору, бюджет түзүлүшүнүн күчү жана кирешелүүлүктүн жогору болгону баса белгиленгенин жазган.
«Стар» гезити «Жайкы ысыкта кышкы жомок» деген маалыматында дүйнөнүн жалгыз ачык асман астындагы соода борбору Лалелиде жайкы ысыкта кыш келгенин, райондогу «Кышкы жомок» концепттүү көчө дефилеси моданы жакындан байкагандардын чоң жактыруусуна ээ болгонун баяндаган.
«Хабер түрк» гезити «Бабадаг 75 миң учуу менен рекордго бара жатат» аттуу маалыматында Мугланын Фетхие районундагы дүйнөгө таанымал жар парашюту борбору Бабадагда, жар парашютунун учуу саны өткөн жылга салыштырмалуу 40 пайыз жогорулап, 8 айда 75 миң 721ге жеткенин маалымдаган.
Гезит Бабадаг Аба спорттору күч биримдигинин башкаруу кеңешинин жетекчиси Акиф Арыжандын, «Жылдын акырына чейин бул жүрүштүн 100 миңден ашаарын күтүүдөбүз»-дегенин баяндаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар